Биз менен байланышыңыз

Ахлидин Исраилов Өзбекстандык клуб менен келишим түздү

Кыска кабар , Спорт | 6 Фев 2019 | 518 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу Ахлидин Исраилов Өзбекистандык «Андижан» клубу менен келишим түздү. Ал буга чейин Индонезиянын Семаранг клубунда ойноп келген.

Исраиловду өз курамына кошкон «Андижан» футболдук клубу Өзбекстандын Суперлигасында ойнойт.

Белгилей кетсек, Ахлидин Исраилов Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия Кубогунда Кыргызстандын курама командасына жарым коргоочу катары чакырылган. Тайпалык баскычта Кытай курамасынын дарбазасына Кыргызстан үчүн алгачкы голду киргизген.
Буга чейин «Андижан» футболдук клубунда кыргызстандык дагы бир футболчу Муролимжон Ахмедов көрүүдөн өтүп жатканы айтылган. Бирок ал Бишкектин «Дордой» клубу менен келишимин узартканы белгилүү болду.

Эске салсак, буга чейин Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчулары Тамирлан Козубаев малайзиялык ПКНС клубуна өтсө, Азиз Сыдыков ирандык «Санат Нафт Абадан» клубуна жана Гүлжигит Алыкулов белорусиялык “Неман” командасынын катарына кошулган.

Copyright © 2017 Maral FM