Биз менен байланышыңыз

Кытай-АКШ соода согушу: ким утууда?

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Фев 2019 | 827 | 0

Кытай менен АКШнын ортосундагы соода согушу эки мамлекетке тең зыянын тийгизүүдө: ансыз деле көйгөйү көп Кытай экономикасын жайлатып, артка кетирсе, америкалык компаниялардын айласын кетирүүдө.

Бириккен Улуттар Уюму бул конфликттен утуп чыккан үчүнчү тараптарды атады-алар Евробиримдик, Япония сыяктуу Америка менен Кытайдын өндүрүшүнүн ордун баса ала турган сапат жана көлөмдөгү өндүрүшү бар мамлекеттер. Алардын технологиялык жана экономикалык кубаты мурункулардын ордун басууга алы жетет.

Бирок адистер барыбир боштуктар толбосун эскертишүүдө.

Вашингтон кытайлык 200 млрд доллардан ашуун көлөмдөгү товарга чек койсо, Пекин 110 млрд менен жооп берген. Евробиримдик, Япония жана Мексика сыяктуу өлкөлөр жалпы 300 млрд долларлык боштуктун 100 млрд долларлык гана ордун  басууда. Калган товарларга муктаждык камсыздалбай турууда.

Ошондуктан кээ бир тараптар өздөрүнүн товар жана кызматтарын сунуштоо менен пайда көргөн сыяктуу сезилгени менен ири державалардын кагылышуусунан тарткан зыяндары бирдей болууда.

Натыйжада, жалпы эсепте өткөн жылы күч алган соода согушу эч кимге пайда алып келген жок.

Эске салсак, эки тарап март айына чейин орток кызыкчылыктарын көздөгөн бирдей пикирге келе алышпаса, анда Трамп санкцияларда эскалация жарыяларын эскертүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM