Биз менен байланышыңыз

Фитнес: арыктоого тоскоол болгон «пайдасыз» кыймылдар

Блог | 6 Фев 2019 | 1139 | 0

Эгерде ар кандай спорттук машыгуулар сиз күтүп жаткан жыйынтык бербесе, анда окумуштуулардын кеңешине көңүл буруу керек: көптөгөн фитнес-машыгуулардын миф экендиги аныкталды, же болбосо күчтүү өзгөрүүгө кабылган. Эмесе ошондой мифке айланган фитнес-программаны карап чыгалы.

Жалпак курсак жана келишимдүү бел үчүн көпкө чейин пресс жасоо керек

Эгерде тамактанууга көңүл бурулбаса жана жамбаштын, буттун, эң негизгиси жон арканын булчуңдарына жетишерлик түрдө кам көрүлбөсө, жакшынакай прессти каалоонун кереги жок. Бул булчуңдар пресстин булчуңдары менен тыгыз байланышта болгондугу менен эле чектелбейт, мындан тышкары, аларды калыбына келтирүү үчүн абдан көп энергия талап кылынат. Буга жараша туура тамактануунун негизинде энергия адамдагы май корунун аркасы менен алынат, ал майлар курсакта жана белде көп болот.

Кечки активдүү машыгуулар уйкусуздукка алып келет

Көпчүлүк окумуштуулардын айтуусу боюнча, кечки физикалык жогорку активдүүлүк адамдын табигый биоыргагына терс таасирин тийгизет, бирок окумуштуулардын мындай ойлору тескерисинен чыкты, кечки машыгуулар уйкуга эч кандай негативдүү таасир бербейт. Мисалы, шотландиялык окумуштуулар 20:00дөн кийин спорт менен алектенгендер күндүзгү машыгуучуларга караганда тез эле уйкуга кетишкендигин айтышат. Анткени физикалык көнүгүүлөр дененин температурасын жогорулатат да, адам жатканда кайрадан нормалдык абалга түшөт, ошол учурда адамдын уйкусу бат келет.

Чарчоо абалында көнүгүү жасабаш керек

Окумуштуулардын акыркы изилдөөлөрү бул ойду жокко чыгарды: чарчаңкы, алсыз, көңүлсүз абалда жасалган анча чоң эмес көнүгүүлөр күчтү кайтарып, сергүүгө алып келет. Мисалы, Жоржия университетинин изилдөөчүлөрү бир нече жума дайыма эле алсыздыкка жана өнөкөт чарчоого даттанышкан эки топ адамдарга байкоо жүргүзүшкөн. Биринчи топтогулар көп кыймылдабастан, кечкисин үйдө сыналгы көрүү менен күн өткөрүшкөн, ал эми экинчи топ жумасына 3-4 жолу 20 мүнөттүк көнүгүүлөрдү жасап турушкан. Жыйынтыгында, экинчи топтогулар өзүлөрүн жакшы сезип жаткандыктарын айтышкан. Ошондуктан чарчап турсаңыз ла спорт менен машыгыңыз, тескерисинче чарчоодон арыласыз.

Аэробикалык жүк канчалык көп болсо, ошончолук арыктайсыз

Жок! Көп сандагы аэробикалык жүк май жана булчуң клеткаларынын жабыркашына алып келет. Натыйжада организмге зат алмашуунун бузулушу жана арыктоо процессинин жай алышы тууралуу белги берилет. Машыгууга дуушар болгон булчуңдар көп калорий короторун эстен чыгарбоо керек, мисалы, ар бир кошумча 100гр булчуң териси өзүнө күнүнө 100 калория алып турат.

Эгерде тердебесеңиз, фитнес-машыгуулардан пайда болбойт

Чындыгында тердөө жүктүн ургаалдуулугунан эмес, имараттагы абанын температурасынан жана организмдин түзүлүшүнөн көз каранды болот. Машыгуулардын эффективдүүлүгүн жана ургаалдуулугун аныктоонун туура жолу жүрөктүн согушуна байкоо жүргүзүү. Ал көнүгүүлөрдүн түрүнө жараша 60тан 85%га чейинки интервалда болуш керек.

Тезирээк арыктоо үчүн машыгууну кардиожүктөн баштоо зарыл

Окумуштуулар бул пикирдин да туура эместигин аныкташты. Жыйынтыгы Journal of Sports Sciense and Medicine журналына жарыяланган көп жылдык изилдөө көрсөткөндөй, машыгууну жогорку күч менен баштоо кажет, ал эми кардиокөнүгүүлөрүнө машыгуунун аягында кайрылуу туура болот. Анткени ары-бери басып, көнүгүү аткарууга даяр болгондон кийин шак эле оор көнүгүү жасоодо организм көп энергия кетирет. Мындай жол менен биз көп калорий кетиребиз.

«Ыңгайлуу» ылдамдыкты сактап алуу керек

Изилдөөчүлөр далилдегендей, даяр болбой туруп узакка созулган жогорку ылдамдыкта чуркоо организмде ашыкча сүт кислотасын пайда кылат. Натыйжада, булчуңдар ооруйт, адам өзүн жаман сезе баштайт жана чуркап бара жатканда ылдамдык төмөндөйт.

Фитнес-машыгуу учурунда дайыма бир темпти кармоо керек

Бул ойду да окумуштуулар жокко чыгарышты. Эгерде алы-күчү кетип турган организмди кыйнабай, тыныгууларды жасап туруу жогорку эффект берет. Мисалы, Индиан университетинин изилдөөчүлөрү жүрөктүн согушу 85%дан жогору көтөрүлгөн учурда машыгуунун эффективдүүлүгү жана майларды күйгүзүү ылдамдыгы кыскарат деген жыйынтыкка келишкен.

Copyright © 2017 Maral FM