Биз менен байланышыңыз

Бишкектин көчөлөрүндөгү кар түнкү бирден баштап тазаланууда

Кыска кабар | 6 Фев 2019 | 591 | 0

Борбор калаа Бишкекте жолдордогу карды тазалоо иштери 6-февралга караган түн саат бирден баштап жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, карды тазалоого 34 атайын техника, Тазалык ишканасынын 740 кызматкери тартылган. Жолго 403 тонна кум себилген. Учурда карды тазалоо иштери уланып жатат.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү абанын температурасы -7-11 төмөн болууда.

Copyright © 2017 Maral FM