Биз менен байланышыңыз

Инстаграмдагы популярдуу «жумуртка» жарылды. Кимдин идеясы эле?

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Фев 2019 | 1119 | 0

Лайк рекордун жаңылаган жумуртка кимдин идеясы?

4-январда world_record_egg аккаунту Инстаграмга биринчи сүрөтүн киргизген. Бул суротто дүйнөлүк рекордду жаңылайлы деген сунушу менен кадимки тооктун жумурткасы эле.
Сурот кыска убакта вируска айланды. Лайк боюнча рекордду америкалык модель Кайли Дженнердин жаңы төрөлгөн кызынын сүрөтү ээлеп келген. Ал сүрөт 2018-жылды 7-февральда жүктөлүп, 18 миллиондон ашуун жакты деген белгини топтогон.
Ал эми жумурткага бул рекордду жаңылоого 9 күн керектелген. Бүгүнкү күндө сүрөт 52 миллиондон ашуун лайкка ээ. Бул чоң айырма менен инстаграмдагы эң популярдуу сүрөткө айланды.

Ким ойлоп тапты, эмнеге?

Көп өтпөй эле бул аккаунтка ушул эле жумуртка бирок анча чоң эмес жаракасы менен киргизилген. Бул сүрөт 11 миллиондон ашуун жакты белгисин топтогон.
Андан кийинки эки сүрөттө жумуртканын жаракасы чоңойгону көрсөтүлгөн.

Колдонуучулар бул эмне экенин түшүнбөй келишкен. Аккаунттун ээси ким экени да белгисиз болчу. world_record_egg аккаунтунун ээси инстаграмдагы эң белгилүү 20 постторго анализ жасап, андан соң “жумуртка” идеясын ишке Лондондо киргизген.
2-февралда world_record_egg жумуртканын дагы бир сүрөтүн киргизди — бул жолу жумуртка жаракалар жана жип менен америка футболунун тобундагыдай токулган. Бул супербоулду трансляциялаган Hulu компаниясын жарнамалоо (рекламалоо) эле.
Супербоул – бул америка футболу боюнча Улуттук лиганын финалдык оюну. Көптөгөн компаниялар рекламалык тасма тарткан бул оюн өлкөнүн эң башкы спорттук иш-чарасы.

Бирок акаунт Hulu компаниясынын проекти экени деген маалымат ырасталбады.

Элди кызыктырган белгилүү “жумуртка” соцтармактардын басымынан улам, 4-февралда жарылды.

Акыркы пост чыгаары менен америкалык басылмалар world_record_eggнун божомолдуу ээсин жазып чыкты. BuzzFeed аккаунту бир-нече постторуна анализ жүргүзүп, анын ээси жарнамачы лондондук Крис Годфри деген тыянак чыгарган. Ушундай эле божомолду Mashable басылмасы жазды. Годфри эки басылмага да коментарий берген жок, бирок The New York Times менен баарлашты.

Годфри жумуртканы тандаганынын себебин, анын расасы, жынысы, дини жок экендиги жана жумуртка – универсалдуу нерсе деп түшүндүргөн. Ошондой эле ал world_record_eggны алдыга жылдыруу максатында атактуу блогерлерге акча төлөдү деген маалымат туура эмес экенин айтты.

Ээсине миллиондорду алып келчү «жумуртка»

Жумуртка – Бул мыкты маркетинг идея, бирок Годфри аны акча гана эмес, кызыктуу идеялар кызыктырарын айтты.
“Жумуртка элдин көңүлүн бурганы-бактылуу кокустук. Негизгиси, эми биз бул көңүл буруу менен мындан ары эмне кылабыз, ошол маанилүү”,-деп билдирген Годфри.

Pulse Advertising & Talent Management агенттиги лайктарды акчага эсептеп көргөн. Жумуртка акаунтундагы бир постун баасы январь айынын ортосуна 32 миң долларды түзгөн. Бүгүнкү күндө андан да көп.
Ал эми VaynerMedia агенттигинин божомолу боюнча world_record_egg аккаунту 10 миллион долларлык биринчи спонсордук келишимди күтсө болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM