Биз менен байланышыңыз

Парламент байланыш операторлорунун тарифтерине нааразы

Кыска кабар | 6 Фев 2019 | 522 | 0

Жогорку Кеңеш депутаты Алмазбек Эргешов парламенттин 6-февралдагы жыйынында байланыш операторлордун тарифтерине нааразычылыгын билдирип чыкты. Айрыкча тармак ичинде чалуулардын кымбаттыгын айтып Монополияга каршы жөнгө салуу комитети көзөмөлгө алып жатканына кызыкту.

«Бир байланыш операторунан экинчи операторго чалуунун баасы канча? 5 сом! Мындай тариф эч жерде жок. Эмне үчүн көзөмөлгө албайсыңар! Бул деген элдин чөнтөгүн кагып жатпайбы… Силер эмнеге кийлигише албайсыңар? Бизге анда Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин кереги барбы?»-деди, эл өкүлү.

Депутаттын суроосуна комитеттин жетекчиси Шухрат Сабиров тарифтерди төмөндөтүү боюнча маселе  каралып жатканын айтып, эки жыл ичинде бир сомго чейин түшөт»-деп маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM