Биз менен байланышыңыз

Күйүүчү май азырынча арзандабайт

Экономика | 27 Фев 2019 | 906 | 0

Кыргызстанда күйүүчү майлардын чекене жана дүң баасында чоң айырма чыгып жатат. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күйүүчү май рыногундагы абалды жөнгө салуу боюнча тиешелүү мамлекеттик кызматтарга тапшырма берди.

Анткени өткөн аптада депутат Элвира Сурабалдиева Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 10-15 сомго чейин арзандабай жатканын айтып чыккан. Эл өкүлү муну Казакстан менен тиешелүү макулдашуулар өкмөт тараптан түзүлбөгөнүн белгилеп, аткаруу бийлигин сындаган.

Казакстанда мунайдын баасы түштү. Арзандаган күндө дагы биз менен айырма 10-15 сомду түзүп жатат. Ошол мунайды Кыргызстанга берүүгө Казакстан макул. Арзаныраак келишим менен Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанга 400 миң тоннага чейин беребиз деп жатат. Бирок негедир келишимдер түзүлбөйт. Экономика министри элди эмнеге ойлобойт?   

Мындай билдирүү коомчулукта чоң резонасты пайда кылып, өкмөттүн күн тартибине чыкты. Жыйында вице-премьер-министр Замирбек Аскаров учурда күйүүчү майдын дүң баасы менен чекене баасынын ортосундагы чоң айырмачылык болуп жатканын белгилеп, АИ-92 үлгүдөгү май  35 сомго түшүшү керектигин айткан жайы бар.

Мунай базаларынан маалымат алдык. Мисалы, мунай базасынын бардык чыгымдары, салыктар жана пайдасы кошулганда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 33 сомдун тегерегинде чыгып жатат. Бирок май куюучу жайларда анын чекене баасынын бир литри 42 сом же 42,50 сомго чейин сатылып жатат. Орточо айырма 9-10 сомду түзөт. Биз мониторинг жүргүздүк. Май куюучу жайларда негизи канчадан сатылышы керек эле? Биздин эсеп боюнча бардык чыгымдарын, таба турган пайдасын жана салыктарды кошкондо, күйүүчү май 35-36 сомдон эле сатылса туура болмок. 

Бирок Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы азыркыдай баа май куючу жайлардагы кымбат келген мунай сатылып бүткөнчө сакталарын айтууда. Биримдиктин аткаруучу директору Канат Эшатов билдиргендей, ишкерлер эки ай кармаган запасы азыр толук сатылып бүтө элек.

Биздин нефтетрейдерлердин маалыматы боюнча рынокто болгон баа ушул. Анткени ишкерлер дүң баа менен Орусиядан күйүүчү майды сатып келет, салыгын төлөйт. Андан соң гана сатат. Бүгүнкү күнү мунай базада кымбат алынган мунай бар. Ошол толук сатылып бүтмөйүнчө ылдыйлабайт. Эгер түшүрсө ишкер зыянга учурашы мүмкүн. Анткени Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги эки айлык запас кармагыла деген талапты коюп келет.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги азыркы тапта баалар 2-3 сомго чейин түшкөнүн маалымдайт. Анткен менен, агенттик рынокту толук көзөмөлгө ала албайт. Агенттиктин жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башчысы Сагын Маратоморовдун айтышынча, муну рынок өзү жөнгө салат.

Биз тараптан май куючу жайларда сатылган күйүүчү майлардын баасына чек койгон эмеспиз. Ал жерде мыйзамдардын талабына ылайык,сатучуларга белгилүү бир бааны коё албайбыз. Суроо-талаптын негизинде гана рынок өзү аныктайт. Андан сырткары депутаттар бул маселени көтөргөндөн кийин АИ-92 маркадагы май 2-3 сомго чейин түштү.

Бул маселени жөнгө салуу үчүн учурда атайын жумушчу топ түзүлдү. Учурда рыноктогу бааларды анализ жүргүзө баштады.

Кыргызстан жылына бир миллион тоннадан ашык күйүүчү май керектейт. Мындай көлөм азырынча Орусиядан келип жатат. Өткөн жылдын соңунда өкмөт 1 млн 200 миң тонна алууну макулдашкан. Ошондуктан азырынча Казакстанга анчейин муктаждык жок. Бул маалыматты Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев айтты. Анткен менен Казакстан менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Казакстандан күйүүчү май алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок баалар кандай болору азырынча белгисиз. Качан гана келишимдерге кол коюлганда айтышат. Балким азыркыдан арзан же тескерсинче кымбал болуп калышы мүмүкүн. Же азыркыдай эле сумма чыгышы ыктымал. Бирок бул жерде мамлекеттик процедуралар бар. Бир аз күтө туралы.

Дээрлик 90 пайыз импортко көз каранды болгон Кыргызстандын аймагында мунайды кайра иштеткен 9 завод бар.  Бүгүнкү күнү алар чыгарган даяр продукция менен импортту кыскартууга мүмкүн эмес. Анткени сырттан ташылган чийки заттын баасы менен даяр продукциянын наркы тең болуп жатат. Андыктан импортту азайтуу мүмкүн эмес экенин Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Абдимуктар Маматов айтууда.

Биздин заводдор даяр продукцияны жетиштүү көлөмдө чыгара албайт жана чийки затты да алып келе албайт. Биринчиден, чийки затты алып келген менен күйүүчү майды алып келүүнүн баасы бирдей. Ал эми чийки затты кайра иштетүү, бул — өзүнчө бир машакат. Ишкерлерге бул эч кандай пайда алып келбейт. Ошондуктан ички керектөөнү камсыздап кете албайт. Экинчиден, бизде чыккан күйүүчү майдын сапаты начар.

Маалымат ирээтинде айтсак, азыркы учурда «Газпромнефть» компаниясынын А-80 үлгүсүндөгү бензини 40 сом 90 тыйын. АИ-92 бензини болсо 42,50 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43,50 сомду түздү. Дизелдик майдын баасы — 45,50 сом. «Бишкек Петролиум» компаниясында дизелдин баасы 45,50 сом. «Роснефть» компаниясы дизелди 45 сомдон сатып жатат. Ал эми «Ред Петролиум» болсо дизелдин литрин 43,50 тыйын деп белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM