Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБдеги ишкерлерге бирдей шарт түзүү долбоору артка кайтарылды

Кыска кабар | 6 Фев 2019 | 545 | 0

Жогорку Кеӊеште Евразия экономикалык биримдигинин алкагында ишкерлерге бирдей шарт түзүү максатында иштелип чыккан  мыйзам долбоору каралып, ал тармактык комитеттин кароосуна экинчи окуунун режиминде кайтарылды. Мыйзам долбоорунун демилгечи  болуп өкмөт эсептелет.

Депутат Аида Исмаилова экинчи окуу жүрүшүндө депутаттардан бир катар сунуштамалар келип түшкөнүн, алар мыйзам долбоорунда эске алынганын билдирди.

Эл өкүлү Зиядин Жамалдинов  бул мыйзам долбоору ишкерлерге бир топ тоскоолдуктарды жарата турган ченемдик укук актысы болуп калганын, анын жоболорун кыйла жөнөкөйлөтүү зарылдыгын белгиледи. Ал буга «Кыргыз Түштүк Цемент» компаниясынын ишин мисал кылды. Депутаттын айтымында, аталган ишкана өндүрүлгөн цементти экспортко арзан чыгарып, ички рынокко кымбат баада сатууда. Мындай баа саясаты атамекендик ишкерлердин атаандаштыгына зыян келтирет.

Белгилей кетсек, Евразия экономикалык биридигинин алкагында ишкерлерге бирдей шарт түзүү максатында  “Атаандаштык жөнүндө”  мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору сунушталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM