Биз менен байланышыңыз

Манас аба майданынан жардыруучу зат табылган жок

Кыска кабар | 5 Фев 2019 | 657 | 0

Манас аба майданынан эч кандай жардыруучу зат табылган жок. Бул тууралуу УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.

Жалган маалымат берген жаран изделүүдө

Белгилей кетсек, бүгүн 14:41де аба майданга бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Улуттук коопсуздук комитетинин жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери имаратты эвакуациялап, текшерүү ишин жүргүзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM