Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдөгү «багы ачылбаган» гипс заводу

Экономика | 5 Фев 2019 | 133 | 0

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районуна мындан 3 жыл мурда гипс чыгаруучу заводу ишке берилген болчу. Бирок жарым жыл өтпөй ишкананын иши токтоп калган.

Ак-Суу районунун тургуну Нурдин Давлетов 3 жыл мурун Шахты-Жыргалаӊ айыл аймагынан гипс топурагын чыгаруучу карьерде 10 дон ашуун айылдаштары менен иштеген.  Бирок жарым жылга жетпей гипс порошогун иштетүүчү ишкана  токтоп калган.

Тоо кенди иштетүү боюнча лицензиясы жана уруксаат кагаздар бар эле. Ошондон улам 2016-жылы индустар келип, гипс күйгүзүп калган калдыгын майшыбак чыгарабыз деп пландашкан. Эмнегедир материалдын өӊү ак болбой, бозомтук тартып ошондон улам токтоп калган. Албетте кен иштетүүнүн келечеги бар эле, гипстин сапаты эӊ сонун болчу.

Тактап айтканда Ак-Суу районунун Теплоключенко айылына 2016-жылдын февраль айында инвесторлордун жардамы менен гипс чыгаруучу заводу ишке берилген. Индиялык ишкерлер ага 2 миллион 400 миӊ  доллар сарптаган. Тилекке каршы өндүрүш ийгиликтүү болбой, завод убактылуу өз ишин токтоткон.  Маселени олуттуу карап, кайрадан иликтөө жүргүзүү керектигин вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков Ысык-Көлгө болгон жумушчу сапарында билдирди.

Акыркы жылдардан бери ири ишканаларды түзгүлө деп айтып жатабыз. Анын катарында Теплоключенко айылына гипс заводу ачылып кайрадан токтоп калган. Негизи келген инвесторлорго шарт түзүп берүүбүз керек эле. Бул жакта башка себептер бар болуусу мүмкүн. Кайрадан изилдеш керек, анткени бул жакта экология маселеси жок.

Бул боюнча Ак-Суу районунун жетекчиси Уланбек Дөкөнбаев сырьену кайра иштетүүдө технологиялык каталар болуп, талапка дал келбей калганы менен түшундүрдү. Ошондуктан Индиялык инвесторлор өз өлкөсүнө кетип калышкан. Азырынча гипс заводун кайрадан иштетүүгө конкреттүү жооп келе элек.

Заводдун биринчи этабы менен алгач гипс материалдар өндүрүлсө, кийинки этабы гипстен алына турган курулуш материалын чыгарууга багытталган. Бирок карьерден алынып келинген сырьёну иштетүүдө өӊү кара болуп, сапатка жооп бербей калган. Ошондой эле от жагуучу мештеринин туура эмес салынганына байлныштуу инвестор ишин убактылуу токтотуп кетип калган. Азыр канча чакыруу жасасак да убакыттын жоктугун айтып келбей жатышат.

Себеби гипс порошогун от казандарга бышырып, кайра иштетүүдө өӊүндөгү сапатын жоготуп, бир килограмм материалдын баасы 2,50 тыйынга чейин түшүп кеткен. Алдыда гипсти даярдоо боюнча жаӊы технологияны изилдеп, кайрадан ишке киргизүү тапшырмасы коюлду. Эгер завод өзүн-өзү актаса кеминде 50 гө жакын адам жумуш орун менен камсыздала турганын Шахты- Жыргалаӊ айыл өкмөтүнүн башчысы Талгат Мукалаев айтты.

-Эгер бул маселе чечилсе Шахты-Жыргалаӊдан 10го жакын адам карьерде иштемек. Ал эми Теплоключенкодон 20га жакын жумушчу орун түзүлмөк. Ал гана эмес, 60 чакырым аралыктагы зоводко гипс порошогун жеткирүүгө жүк ташуучулар да маяна тамак. Андан сырткары Теплоключенко айылынын бюджетине ишканадан салык төлөнсө, биздин элетке салыгы келип түшмөк,-деди ал.

Маалымдай кетсек, бул завод кайра иштесе айына 200 тонна гипс материалын чыгарууга мүмкүнчүлүк бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM