Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда кылмыштуулуктун саны 7,4 пайызга өстү

Коом | 5 Фев 2019 | 711 | 0

2017-жылга салыштырмалуу өткөн жылы 7,4 пайызга көп катталды.

Ички иштер министрлиги 2018-жылда жасалган иштери тууралуу коомчулукка маалымат берди. Министр Кашкар Жунушалев өткөн жыл катталган кылмыштардын саны өскөнүн маалымдады. Жалпы 29 миң 718 кылмыш катталган болсо, анын 19 миң 861нин бети ачылган.

Кылмыш иштерин иликтөө ишинин жүрүшүндө 19миң 861 кылмыштын бети ачылган. Катталган кылмыштарды иликтөө иш чараларынын жүрүшүндө 24 миң 284 кылмыш иши козголгон. Ички иштер министрлигинин  тергөө кызматтары тарабынан 16 миң 318 кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн. Баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан кызматтардын саны 1395 фактыны түзгөн. Талдоо көрсөткөндөй 2018-жылда кылмыштардын өскөнү байкалды.

Ошондой эле милициянын атайын кызматтары тарабынан 210 кылмыштуу топтун мүчөлөрү колго түшүрүлгөн. Анын 44ү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, 166сы ар түрдүү топтордун өкүлдөрү, дагы жетөөсү кылмыш дүйнөсүндө жогорку статус алып жүргөндөр.

Буга кошумча министри милиция кызматкерлерине козголгон кылмыш иштери мурдагы жылга караганда азайганын билдирди. Анын ичинде автоунаанын мас абалында башкаргандыгы үчүн 67 кызматкер жоопкерчиликке тартылган.

2018-жылы ар кандан тартип бузуулардын негизинде 5811 кызматкер тартип жазага тартылган. Алардын ичинен 71 кызматкер тартипти одоно бузганы үчүн ички иштер органдарынан биротоло  кетип, 205 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган. 2018-жыл ичинде мыйзам бузуу жоопкерчилигине 1475 кызматкер тартылган.

Ошондой эле журналисттер тараптан Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө шектүү катары  ысымы аталып жаткан Калыбек Элтуйбасов тууралуу суроо узатылды. Буга Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов аны алып келүү аракети жүрүп жатканын айтты.

Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча иликтөөгө Элтуйбасов тараптан эч кандай кысым болгон жок. Элтуйбасов Американын миграциялык мыйзамын бузган үчүн кармалган. Биз тараптан аны Кыргызстанга эстрадиция кылуу боюнча башкы прокуратура тараптан атайын кат жөнөтүлдү. Бул жерде да бир катар суроолор бар.

«Токмок» көзөмөл өткөрүү пунктуна жакын жердеги атышуу боюнча тергөөчүлөрдүн мамлекеттик башка органдарга дагы суроосу көп экенин Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.

Ошондой эле жаңы жылдан баштап күчүнө кирген кодекстер боюнча дагы суроолор узатылды. Анын ичинде терезеси караңгылатылган унааларды текшерүү Транспорт министрлигине жүктөлгөнү жаңылыш болгонун, бирок аны мыйзамдаштырууга ою түз экенин «Марал» радиосунун суроосуна жооп берип жатып айтты.

«Тонировканы» акылуу кылып койсо болбойбу деген маселе көтөрүлүп жатат. Бул маселе бизде дагы каралып жатат. Биздин жол кылмыл кызматтары менен Ошондой эле башка министрликтер менен карап жатабыз. Себеби 12-февральдан баштап «Коопсуз шаар» долбоору ишке кире баштайт. Эгерде «тонировка» боло турган болсо, видеокамералар аныктай алабы же жокпу толук карап чыгабыз. Бирок мындай практика биздин эле коңшу өлкөлөрүбүздө бар.

Эскерте кетсек, 1-январдан күчүнө кирген кодекстер толук кандуу иштелип чыкпаганы өкмөткө карата сынды арттырууда.  Аны өзгөртүү сунуштары дагы берилүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM