Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 181 миң жаран бар

Кыска кабар | 5 Фев 2019 | 837 | 0

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун 3-окууда жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлүнүн айтымында, 2018-жылдын 1-январына карата Кыргызстандагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 181 миң адамды түзгөн. Тагыраагы, Конвенцияга кол койгон учурдан тарта алардын саны 39 миң адамга көбөйгөн.

Конвенциянын ченемдерин ишке ашыруу үчүн алгачкы 10 жылда 6 млрд 647 млн сом керектелет. Анын ичинен иш-чараларга – 1 млрд 575 млн сом билим берүүгө, саламаттыкты сактоого, маданий жашоого катышууга, эс алууга, спорт менен машыгууга, инфраструктураны жакшыртууга – 5 млрд 72 млн сом коротулат.

Белгилей кетсек, конвециянын негизги максаты баардык майыптар адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо, ошондой эле алардын аброюн сыйлоого артыкчылык берүү болуп саналат.

Учурда Кыргызстанда 181 миӊ ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар, алардын басымдуу бөлүгү эрезеге жетелек балдар болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM