Биз менен байланышыңыз

Ведомстволор аралык топ “Коопсуз шаар” долбоорунун I этабы менен таанышты

Кыска кабар | 4 Фев 2019 | 576 | 0

Ведомстволор аралык топ 2-февралда Президенттик аппараттын биринчи орун басары Болот Жунусовдун жетекчилиги астында “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этапбындагы иштердин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Мамлекеттик маалымат технологиялар жана байланыштар комитетинин мааалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык топтун мүчөлөрү видео жана фото камералар орнотулган көчөлөргө барып иштин жүрүшү менен таанышкан. Ошондой эле орнотуу жана монтаждоо иштеринин жүрүшүн да текшеришкен.

Эске салсак 12-январда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууда мамлекеттик органдар баардык чараларды көрүүсү керектигине токтолгон.

Copyright © 2017 Maral FM