Биз менен байланышыңыз

Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленет

Кыска кабар | 4 Фев 2019 | 2748 | 0

Бүгүн, 4-февралда Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Иш-чара Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана маданий жактан калыптануусуна көрүнүктүү салым кошкон Турдакун Усубалиевдин элесин түбөлүккө калтыруу жана анын туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо максатында уюштурулмакчы.

Иш чараны эң жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлөт. Ошондой эле иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн планы иштелип чыгат.

Белгилей кетсек, Турдакун Усубалиев кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы, алдыңкы өнөр жай өлкөсүнө айланышына, маданий жактан өнүгүшүнө, парламенттик системанын түптөлүшүнө, ошондой эле Кыргызстанды жана анын борбор шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө зор эмгек сиңирген. Ошондой эле Кыргызстан КП БКнын 1-секретары болуп иштеген(1961.09.05 — 1985.02.11). 1999- жылы Кыргыз Республикасынын Баатыры деген наам алган. Андан сырткары бир катар «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси, 3 Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы, Достук (РФ) жана 1-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

Copyright © 2017 Maral FM