Биз менен байланышыңыз

Коопсуз шаар: Камера тарткан бузууга нааразы болгон тарап кайда кайрылат? (жооп)

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Фев 2019 | 1079 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында көзөмөл камералары тартып алган бузуулар боюнча нааразы болгон тарап Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг жүргүзүү борборуна кайрыла алат. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов “Марал” радиосуна берген маегинде

«Бишкек шаарында Анкара көчөсү 20 дарегинде мониторинг борбору ачылган. Жарандарды кабыл алуу бөлүмү түзүлгөн протокол менен нааразы болгон жарандарды кабыл алат. Экинчиден, мындай жарандар биздин расмий сайтка кайрылса, маалыматтарды териштирип, тиешелүү деңгээлде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эреже бузууну далилдер менен көрсөтүп беребиз. Эгерде нааразы тарап ага дагы каршы болсо, анда мыйзам чегинде сотко берүүгө укуктуу. Мындайда эреже бузуу сот аркылуу чечилет», — дейт Саркулов.

Маалыматка ылайык, камера коюлган жерлерде видеокөзөмөл деген жол белгилер коюлган. Эми мындан билгелер трассаларга  дагы коюлат.

Copyright © 2017 Maral FM