Биз менен байланышыңыз

Каба уулу Кожомкулга арналган музей ачылат

Кыска кабар | 4 Фев 2019 | 541 | 0

Бишкекте балбан Каба уулу Кожомкулга арналган музей ачылат. Бул тууралуу маалымат каражаттарына Каба уулу Кожомкул Эл аралык коомдук фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы ачылып жаткан музейге белгилүү балбан Кожомкулга таандык кийим-кече жана буюмдары, фотоаппаратка тартылган эксклюзивдүү сүрөттөрү жана башка сейрек кездешүүчү экспонаттар коюлат.

Бул иш чара балбандын 130 жылдык мааракесине арналып аткарылууда.

Музейдин ачылыш аземи 5-февралда саат 11:00дө Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM