Биз менен байланышыңыз

Кыргыз футзалчылары экинчи ирет Литваны жеңди

Кыска кабар | 4 Фев 2019 | 670 | 0

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Литванын командасын экинчи ирет жеңип алды.

Экинчи достук беттеши Литванын Преней шаарында 3-январда өттү.

Беттештин биринчи бөлүгүндө гол киргизүүгө ыңгайлуу жагдайлар жаралган менен кыргыз футзалчылары эсепти ача алышкан жок. Экинчи бөлүктүн 3-мүнөтүндө гана алгачкы топту Арстанбек Турсунов киргизди. Кийинки эки гол дагы оюнчуларыбыз Шохрух Махмадаминов жана Дильшат Кадыров тарабынан жасалып, 37-мүнөттө гана литвалык Дариус Янкаускас өздөрүнүн пайдасына бир гол киргизүүгө жетишти.

Оюн 3:1 эсеби менен кыргыз курамасынын пайдасына аяктады.

Эске салсак, 2-январь күнү командалардын биринчи беттеши өтүп, 6:2 эсебинде биздин спортчулар үстөмдүк кылышкан. Литва командасынын суранычы менен экинчи беттеш да орун алган болчу. Достук беттештери 2020-жылкы Азия биринчилигине даярдык көрүү максатында өткөрүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM