Биз менен байланышыңыз

Түркия Венесуэладан алтын сатып алганы үчүн АКШнын санкциясына кабылышы мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Фев 2019 | 551 | 0

АКШ Түркияга Венесуэладан алтын сатып алып жатканы үчүн кысым көрсөтүп, санкция менен коркутууда. Бул тууралуу Би-Би-Си жазып чыкты.

Анда Венесуэладан алтын сатып алган өлкөлөргө, айрыкча Түркияга карата кысым күч алып, андан баш тартуусу талап кылынууда.

Түркия менен Венесуэланын ортосунда алтын алып-сатуунун көлөмү өсүп жаткандыгы айтылат. Өткөн жылы аталган өлкө Түркияга 900 млн доллардык баадагы баалуу металл саткан.

Буга чейин алтын Түркия аркылуу Иранга өткөну үчүн америкалык санкциялардын бузулушу мүмкүн экендиги айтылган. Ошол себептүү Түркия санкцияны бузуу тобокелчилиги болгону үчүн эскертүү да алган.

Белгилей кетсек, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Венесуэланын президенти Николас Мадурону колдоп жатат.

Эске салсак, Латын Америкасынын түндүк тарабында жайгашкан Венесуэла өлкөсү акыркы бир аптада кызуу саясий лагерге айланды. Беш жылдан бери мамлекетти башкарып келе жаткан Николас Мадуронун бийлигин коррупция, диктатура жана өлкөдөгү жумушсуздукка айыптаган жүз миңдеген эл аянттарга чогулушту. Акыркы 25 жыл ичинде үч жолу аскердик төңкөрүштү башынан өткөргөн Венесуэланын күч түзүмдөрүнө коомчулук көңүл бөлүп турушат. Азырынча өлкөнүн армиясы Мадуронун өкүмүндө.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM