Биз менен байланышыңыз

Бүгүн кыргыз-кытай чек арасы жабылат

Кыска кабар | 2 Фев 2019 | 507 | 0

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттери 2-февралдан 10-февралга чейин жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Чек ара Кытай тараптын демилгеси менен улуттук «Жаз» майрамына байланыштуу жабылууда.

Жарандарды, транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү өткөрүү 11-февралда кайра жанданат.

Copyright © 2017 Maral FM