Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБ: Технопарктар ортосунда кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлду

Кыска кабар | 1 Фев 2019 | 752 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Алматы өтүп жаткан «Глобалдаштыруу доорундагы санариптик күн тартиби» форумуна катышууда.

Анда ал технологиялык стартаптарды өнүктүрүү жана жаңы малыматтык технологияларды өздөштүрүү максатында Кыргыз Республикасында «Санариптик Кыргызстан» аттуу беш жылдык Санариптик трансформациялоо концепциясы иштелип чыкканын айтты.

Бул концепция калктын санариптик маалыматын жогорулатылышы, экономиканы санариптик трансформациялоо аркылуу өнүгүүгө жана жарандардын жашоо-шартынын жакшыруусуна алып келүүсү тийиш экенин белгиледи.

Мындан тышкары, Абылгазиев Мамлекеттик электрондук тейлөө көрсөтүүнүн бирдиктүү порталы ишке киргизилгендигин, ошондой эле жылдын соңуна дейре Кыргызстандын мектептерин 100% интернетке кошууну жыйынтыктоо пландаштырылып жаткандыгын белгиледи.

Форумдун алкагында технопарктар ортосунда кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

«Глобалдаштыруу доорундагы санариптик күн тартиби» Форуму Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында уюштурулган.

Ага ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары, эл аралык ири IT-компаниялардын жана IT-технопарктардын жетекчилери, технологиялык индустрия, эл аралык уюмдардын, бизнес өкүлдөрү, ошондой эле маалыматтык технологиялар тармагындагы эл аралык эксперттер катышты.

Copyright © 2017 Maral FM