Биз менен байланышыңыз

Финляндияда үй-жайсыз киши калган жок

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Фев 2019 | 1243 | 0

Финляндиянын борбору Хельсинки шаары «Алгач-үй» долбоорунун алкагында акыркы он жыл ичинде шаарда бир да үй-жайсыз киши калтырган жок. Бул тууралуу BBC англис кызматы жазды.

Хельсинкиге киргениңизде бир нерсе дароо көңүлүңүздү бурат-шаарда бир да селсаяк же тилемчи көрбөйсүз.

Шаар мэринин жардамчысы Санна Весиканса: «Балачагымда шаарда миңдеген селсаяк жүрчү. Үй-жайсыздардын маселеси акыркы 30 жыл ичинде өкмөттүн алдыңкы планда караган иштеринен болду. Натыйжада селсаяктык деген нерсе жоголду»,-деди.

Анын айтымында, өкмөт «Алгач-үй» программасынын алкагында атайын үйлөрдү жана жатаканаларды куруп, селсаяктарды жайгаштырды. Ошол эле долбоор менен алардын башка көйгөйлөрүн чечүүнү жолго коюшту: алкоголдон же баңгизаттан көз каранды болгондорду атайын адистер дарылашып, ден соолугу начарларды ооруканалар карашты. Мындай сырткары аларга кесиптик билимдерди берип, жумуш менен камсыз кылуу ишке кирди.

Аларга берилген үйлөр үчүн эч кандай акы төлөнбөстөн, алардын жеке менчиги болуп калат. Селсаяктар менен иштешкен адистер 24 саат бою жардамга даяр, кайрылууларга жооп беришет.

Бул программага акыркы он жыл ичинде 3500 жаңы үй, 300 жардамчы адис берилип, 300 миллион евро коротулган.

Эске салсак, 1987-жылы өлкө боюнча 18 миң селсаяк болгон болсо, 2016-жылы алардын саны 6 миңге түшкөн.  Алардын көпчүлүгү да өкмөт берген үйлөрдө же тууган-уругунда жашап, көчөдө калгандар дээрлик жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM