Биз менен байланышыңыз

«Бишкекке таштанды сорттогон урналарды орнотууга эрте»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Дек 2020 | 497 | 0

Бишкекке таштандыларды сорттогон урналарды орнотууга али эрте. Бул тууралуу «Тазалык» ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, атайын урналарды коюу көйгөй эмес. Бирок урналардын түрүнө жараша өзүнчө унаа жиберүүгө туура келет.

«Биз бул тажрыйбаны Жал кичи районунда сынап көрдүк. Бирок селсаяктар урналардан пластик, металлдарды чогултуп, уюткана уюштуруп жиберишкен. Өзүнчө көйгөй жаралып кетти. Маселен, Европада селсаяктар пластик, металл чогултпайт, алар жалаң гана тамак-аш алат», — дейт Сарпашев.

Маалыматка ылайык, «Тазалык» жер астына урна орнотуу боюнча долбоор иштеп чыгып, сыноодон өткөрүүгө ниеттенүүдө. Бирок бир урна аянтчасын жер астына көчүрүүгө 2-2.5 миң доллар сарпталат. Шаарда 1700дөй урна аянтчасы бар. Таштанды урнасын жер астына түшүрүү үчүн коммуникацияларды карап, базаны толук алмаштырууга туура келет. Анткени азыркы таштанды ташыган техникалар ага жарабайт.

«Тазалык» жылына тротуарларга 200-300 урна орнотуп келет. Бирок быйыл пандемияга байланыштуу акча каражатынын тартыштыгынан токтоп калды. 2021-жылы ишке ашыруу пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM