Биз менен байланышыңыз

Кулматовдун иши боюнча материалдар сотко жиберилди

Кыска кабар | 31 Янв 2019 | 464 | 0

Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматовго козголгон кылмыш иши иликтенип бүтүп, материалдар сотко жиберилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Мекеменин маалыматында, иш Бишкектин Ленин райондук сотунда каралат. Соттук отурумдун так күнү белгилене элек.

Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев буга чейин бул иш боюнча материалдар колуна тие электигин айткан. Анын пикиринде иштин материалдары үстүртөн гана текшерилди.

Эске салсак, Бишкек шаардык соту борбор калаанын мурунку мэри Кубанычбек Кулматовду 2019-жылдын 31-январга чейин камакка калтырган.

Кубанычбек Кулматов шаар мэри болуп турганда эки мектептин курулушуна бөлүнгөн гранттык акчанын 2 млн долларын кымырып алган деп айыпталган. Ага акыркы айыбы угузулуп, 20 жылга эркинен ажыратылыш мүмкүн экендиги айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM