Мамлекеттик миграция кызматы өткөн жылы 7,5 миңден ашык кыргызстандык жеке агенттиктер аркылуу чет өлкөдө жумуш табышканын билдирди. Бүгүнкү күндө жумушка орноштуруу боюнча 102 жеке агенттик 16 өлкөдө өз кызматтарын көрсөтүшөт. Ошол эле учурда ар кандай мыйзам бузуулардан улам 11 агенттиктин ишмердиги токтотулган.
Акыркы жылдары иш издеп кеткен кыргызстандыктардын алданып калуу фактылары көп катталып жатат. Ошондуктан иш таап берген агенттиктердин иши канчалык көзөмөлгө алынат деген жагдайга токтолдук. Биздин суроолорго Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева “Күн чабыт” программасында жооп берди.
Марал: Чет жакта жумуш таап берген агенттиктердин имшердүүлүгүнө көзөмөлдү ким жүргүзүшү керек?
Элвира Сурабалдиева: Биринчиден, Мамлекеттик миграция кызматында чет жактарда жумуш таап берген 70 чактыдай фирма расмий түрдө каттоодо турат. Алар кыргызстандыктарга мыйзамдуу түрдө иш таап беришет. Жарандар бул компанияларды интернеттен таап же Миграция кызматына келип кайрылышса болот.
Маанилүүсү, чет жакка чыгып бара жаткан мекендештер кайсы фирма аркылуу иш издеп жатканын жакшы иликтеши, маалымат алышы керек. Расмий катталган компанияларга кайрылышы зарыл. Себеби уруксаты бар компанияларга мамлекеттин көзөмөлү бар дегенди билдирет.
Расмий катталган компаниялар жаран чет жакка чыккандан кийин аны менен келишим түзүшөт. Жаран аны сөзсүз түрдө окуп чыгып, бардык шарттарын билип, кандай укугу бар экенин так билиши керек. Ал компания коргой алабы, коргой албайбы, мунун баары келишимде жазылат.
Биздин кыргыз жарандары негизинен Орусия жана Казакстанга көп кетишет. Чет мамлекеттерден Түркия, Арап өлкөлөрү жана Түштүк Кореяга барышат. Же андан да алыс Улуу Британия, АКШга чейин кетип жатышат, бирок кайсы мамлекетке барбасын алдын ала түзүлгөн келишимде бардык шарттарды окуп, укугун билиши зарыл деген ойдомун.
Марал: Ошентсе да алданып калган учурлар болуп жатат. Бул компаниялардын жоопкерчилигин күчөтүү механизмдери мыйзамда так көрсөтүлгөнбү жана ал кандай?
Элвира Сурабалдиева: Мыйзамда маселенин баары келип эле келишимге такалат экен. Эсиңерде болсо, Түркиянын Анталия шаарында мейманканалардын биринде 40 кыргызстандык жаран мекенине кете албай кармалып калышкан. Алар мамлекетке кайрыла албай жатышканын маалымат булактары жазышкан. Ошондо мен бул жагдайды парламентте көтөрүп, Миграция мекемесинин мүчөлөрүнөн окуя эмнеге көзөмөлдөнбөй жатканын сурагам. Алардын айтымында, кыргызстандыктарды Анталияга жиберген компания да арызданыптыр. Компания кыргызстандыктарды расмий түрдө жөнөтүптүр, бирок келишимдин бардык шарты так аткарылбай, мейманкана ичинде майда-чүйдө мыйзам бузуулар болуптур. Биздин жарандардын да күнөөсү болгонун айтышкан. Бул шылтоо да болушу мүмкүн. Бирок расмий түрдө ушундай жооп болгон.
Ошондуктан иш таап берген компания таштап кетсе, сөзсүз түрдө кайрылуу керек. Алар лицензиясын жоготпоо үчүн кийинкиде башкаларды да алдабай калат.
Марал: Жумуш таап берүүчү жеке агенттиктерди мамлекет өзүнө алса болобу? Буга шарт, мүмкүнчүлүгү барбы?
Элвира Сурабалдиева: Негизи бизде түшүнүксүз жагдай болуп калган да. Мисалы, Орусияда чоң-чоң шаарларда атайын консулдуктар ачылды. Анан ушул жеке компания аркылуу кетип калып жатышат. Же компаниялар мыйзамды сактабайбы, же жарандар мыйзамга көңүл бурбайбы, аягында консулдуктагылар алданып калган учурлар менен, кесепеттери менен алектенишет.
Менин оюмда, Тышкы иштер министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги иш таап берүүчү жеке компанияларды колго алуу тууралуу ойлонсо болот. Ушундай туура болмок.
Экинчи жагынан алганда, азыр базар экономикасында жашайбыз. Ошондуктан жеке компаниялардын да иштөөсүнө шарт болушу зарыл. Мамлекеттик компаниялар көп нерседен колу байланып калат, бюрократия деген чоң көйгөй бар. Ошондуктан иш таап берген жеке компанияларга болгону көзөмөлдү гана күчөтүү керек. Депутаттар да бул маселени улам козгоп турушу зарыл. Негизи буга чейин парламентте бул темада атайын жыйын өткөрүлө элек болчу.
Марал: Эми бул теманы дагы палатада көтөрөсүзбү?
Элвира Сурабалдиева: Жогорудагы маалыматта кесиптешим Абдывахап Нурбаев дагы оюн айтты, мен аны менен сүйлөшүп, буюрса, жазында чет жакка иш издеп чыгып ар кандай учурларга кабылган жарандар тууралуу парламентке маалымат берүүлөрүн талап кылабыз. Ар бир учурду көзөмөлгө алсак туура болот деген ойдомун.