Биз менен байланышыңыз

Абдразаков: Айрымдарды «мамлекеттик уюшкан кылмыштуу топ» деп атоо керек

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Янв 2019 | 756 | 0

Жогоку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты Бейшенбек Абдразаков “Марал” радиосуна берген маегинде караларга аралашкан мамлекеттик кызматкерлерди, эл өкүлдөрүн «мамлекеттик уюшкан кылмыштуу топ» деп атоо зарыл экенин билдирди.

Анын айтымында, депутаттардын коррупцияга аралашуусунун тамыры шайлоого барып такалат.

«Эл өкүлдөрү шайлоодо короткон каражатын кайра топтоону көздөшөт. Мамлекеттик кызматка келгендер дагы ушундай. Бизде бийликке келген соң короткон акчаны кайра чогултуу системасы түзүлүп калган. Алсак, Бажы кызматынын жетекчиси да акча берип кызматка келгендир. Депутат менен Бажы кызматы бири-бирин көзөмөлдөгөндүн ордуна чогуу «иштешип” жатат», — дейт Абдразаков.

Токмок көзөмөл-өткөрүү пунктундагы атышуу боюнча бир адамды камоо менен маселе чечилбей турганын белгилейт.

«Мамлекетке келтирилген зыянды төлөтүү зарыл. Чек араларга видеокөзөмөл орнотуш керек. Мамлекеттик кызматтагылар «жебесин» десек, аларды жумушка койгондо пара албоо абзел«, — дейт Абдразаков.

Белгилей кетсек, 25-январь күнү Токмок көзөмөл-өткөрүү пунктунда аткезчилик менен алектенген топ катышкан атышуу болгону жергиликтүү басылмалардын биринде кабарланган. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаевдин тууганы делген Дастан жана Кубан аттуу жарандар аймакта ишкердик кылган. Тагыраагы, аткезчилик менен алектенгени айтылган.

29-январда эл өкүлү Урмат Самаев Токмок көзөмөл-өткөрүү пунктунданы атышуу боюнча суракка чакырылган. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов өткөрүү пункттагы видеолор алынганын, алдын ала жыйынтык боюнча ал жерде депутат Самаев көрүнбөгөнүн айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM