Биз менен байланышыңыз

Кытайлык казактар Путин менен Трампка жардам сурап кайрылышты

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Янв 2019 | 682 | 0

Кечээ, 28-январда Казакстандын Алматы шаарындагы «Ата Журт ыктыярчылары» коомдук уюмунун кеңсесинде Кытайдагы Баркөл казак автоном облусунан келген этникалык казактар маалымат жыйын өткөрүшту. Алар Орусиянын жана АКШнын президенттери Владимир Путин менен Дональд Трампка кайрылып, Кытайдагы саясий лагерлерде кармалып жаткан жакындарын бошотууга жардам берүүлөрүн сурашкан. Бул тууралуу Centralasian сайты жазды.

Жыйынга катышкандардын айтымында, кээ бир туугандары соттолуп, узак мөөнөткө камалса, кээси уй камагында, башкалары лагерлерде кармалышууда.

Декабрь айында эки миң этникалык казактын Кытайдан чыгып, Казакстанга өтүүсүнө уруксат берилгени кабарланган.

Эске салсак, Кытайдагы «кайра тарбиялоо» лагерлеринде жүз миңдеген шинжаңдык камалып жатканы тууралуу кептер 2016-жылдан бери айтылып келет. Бириккен улуттар уюму да өз булактарына таянып муну тастыктоодо. Бирок расмий Пекин аталган жайлар кадимки билим берүүчү борборлор экенине ишендирүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM