Биз менен байланышыңыз

Малайзия дүйнөнүн таштандыканасына айланды

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Янв 2019 | 673 | 0

Малайзияда дүйнөнүн булуң-бурчунан келген желим таштандылардын көптүгүнөн, аларды кайра иштетүүчү мыйзамсыз фабрикалар жайнап кеткен. Бул тууралуу Al Jazeera жарыялады.

Маалыматка ылайык, АКШ, Британия жана Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөр өткөн жылдын биринчи жарымында эле жарым миллион тонна желим таштандысын Малайзияга жиберишкен. Ага чейин аны Кытайга жиберишчү, 2018-жылы Пекин дагы буга тыюу салды.

Буга байланыштуу өлкөнүн жер-жерлеринде өз алдынча желим иштетүүчү фабрика-цехтерди ачып алгандардын көптүгүнөн аба булганып, тегерек четте жашагандар тынчсызданууда. Ошол эле учурда аларды иштетүүдөн Малайзия бир жылда 840 млн доллар пайда тапкан.

«Жадагалса түн оокумда да тыным албай иштетишет, желим таштандыларды күйгүзүшөт. Бөлүнүп чыккан жытка чыдоо мүмкүн эмес»,-дейт жергиликтүү тургун.

«Жаңы Зеландия, Австралия жана Британия сыяктуу батыш өлкөлөрүнө суроо жаралат: эмнеге силер таштандыларыңарды Малайзияга жөнөтөсүңөр? Өнүккөн өлкө катары аларды жок кылуунун жолун табууга мүмкүнчүлүгүңөр бар го?»,-дейт дагы бир тургун.

Малайзия өкмөтү алдыдагы үч жыл ичинде сырттан таштанды импорттоого жана өз алдынча таштандыларды кайра иштетүүгө тыюу саларын билдирди.

Эске салсак, Малайзия Түштүк-Чыгыш Азиядагы ири мамлекеттердин бири. Көп тармактуу өндүрүшү коштогон экономикасы да башка Азия мамлекеттеринен алдаганча кубаттуу. Өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү жылдык 6,5% менен ылдам өсүүдө.

World's plastic waste being dumped in Malaysia

Malaysia has become the new dumping ground for the world's plastic waste — with at least 100 illegal recycling factories that have sprung up in the last year.

Опубликовано Al Jazeera English Воскресенье, 27 января 2019 г.

 

Copyright © 2017 Maral FM