Биз менен байланышыңыз

Чүй ОИИБ: Депутат Самаев суракка келди

Кыска кабар | 29 Янв 2019 | 1219 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев Токмок көзөмөл-өткөрүү пунктунданы атышуу боюнча суракка чакырылган. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов айтты. Анда ал өткөрүү пункттагы видеолор алынганын, алдын ала жыйынтык боюнча ал жерде депутат көрүнбөгөнүн айтты.

Урмат Самаев Токмок райондук ички иштер бөлүмүнө келди. Бул ишке анын тиешеси бар-жогун сураганыбызда, жок экенин айтты, — деди ал.

25-январь күнү Токмок көзөмөл-өткөрүү пунктунда аткезчилик менен алектенген топ катышкан атышуу болгону жергиликтүү басылмалардын биринде кабарланган. Анда Жогорку Кеңкештин депутаты, «Чемпион» лакабы менен таанымал Урмат Самаевдин тууганы делген Дастан жана Кубан(Токмок шаардык кеңештин депутаты Кубанычбек Кочкорбаев) аттуу жарандар аймакта ишкердик кылган (аткезчилик менен алектенгени айтылууда, бирок далилденген эмес) Аскат жана Бахтияр деген жарандарга жаракат берүүчү пистолет менен атып кетишкени айтыган.

Кошумчалай кетсек, 28-январда болсо денесинин бир нече жерине ок жеген жаран президент Сооронбай Жээнбековго видеокайрылуу жолдоду.

Анда ал аны аткан Самаевдин жакындары экенин, ал ИИМ жана УКМКнын жооптуу кишилери менен сүйлөшүп ишти жаптырганын жана өзүн коркутуп арызданбоону талап кылганын айткан. Токмоктогу эч бир оорукана же укук коргоо кызматтарына кайрыла албай, Бишкекке качып келгенин кошумчалаган жаран Самаев тараптан өмүрүнө кол салуу коркунуч бар экенин айткан. Бул боюнча жетиштүү далилдери жана күбөлөрү бар экенин кошумчалаган.

Эске салсак, жергиликтүү басылма Токмок көзөмөл-өткөрүү пунктун «Чемпиондун» адамдары көп жылдан бери көзөмөлдөшөрүн, аткезчилер алардын алдынан өтүп турушарын жана жаңы кошулгандарды жогорудагыдай жол менен «алик алышарын» кабарлаган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM