Биз менен байланышыңыз

Президент Улукбек Мариповду кабыл алды

Кыска кабар | 28 Янв 2019 | 609 | 0

Бүгүн, 28-январда Президент Сооронбай Жээнбеков Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Марипов Эсептөө палатасынын 2018-жылдагы алдын ала жыйынтыктары менен 2019-жылга карата мамлекеттик жогорку аудит органынын пландары тууралуу маалымат берди.

Президент өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын алкагында Эсептөө палатасы сарпталган каржылык ресурстардын стратегиялык максаттарга жетүү даражасынын шайкештигине көзөмөлдү ишке ашырып, стратегиялык аудитке өтүү керектигин баса белгиледи.

Мындан сырткары мамлекет башчы коррупциялык текшерүүлөрдүн сапатын жакшыртуу, кадрлардын дараметин арттыруу, кызматкерлердин квалификациясын жана жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасын койду.

Ошондой эле санариптешүүнүн алкагында Эсептөө палатасынын жумуш ыргагын автоматташтыруу жана санариптештирүү боюнча иштерди жүргүзүү керектигин тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM