Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы: «Токмок» өткөрмө пунктунда атышуу болгон жок

Без рубрики | 27 Янв 2019 | 495 | 0

Кыргыз-казак чек арасындагы «Токмок» өткөрмө пунктунун аймагында ок атышуу же массалык жаңжал болгон эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 25-январь күнү саат 05:38 өткөрмө пункттун тосмосуна Кыргызстандын жараны келип, аскер кызматкерлерине жардам менен кайрылган. Анын артынан эки адам кууп келген.

Чек арачылар өткөрмө пункттан чыгып, мушташып жаткандарды таратышкан.

Өткөрмө пунктка караган аймакта октун изи калган автоунаалар, ошондой патрондор жана гильзалар табылган эмес. Учурда «Токмок» өткөрмө пункту штаттык тартипте иш алып барууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM