Биз менен байланышыңыз

26-январда күтүлгөн аба ырайы

Кыска кабар | 26 Янв 2019 | 416 | 0

Ишемби, 26-январь күнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй жана Таласта +4…+9 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4…+9, Ысык-Көлдө —2…+3 грудас жылуу, Нарын жергесинде —5…-10 градус суук болот.

Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Бишкекте +7…+9, Ош шаарында +5…+7 градуска жетет.

Copyright © 2017 Maral FM