Биз менен байланышыңыз

Окуучунун өлүмүнүн себеби аныкталбай жатат

Коом | 25 Янв 2019 | 825 | 0

Ѳлкө аймактарында жыл башынан бери 18 жашка чейинки балдардын өмүрүнө кол салуусуна бөгөт коюу, аларды зордук-зомбулуктан арылтуу максатында атайын маалыматтык базалар түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүрүп келген. Бирок кечээ жакында эле Ысык-Көл облусунда 15 жашар бала жипке асынып каза тапты.

-Биз Алтынбек менен (маркумдун аты өзгөртүлдү) 9 жыл бирге окуудук. Классыбызда алдыӊкы, активдүү окуучулардын бири болчу. Ѳзгөчө физика, информатика сабагынан өзүн жакшы көргөзчү. Ар дайым досторуна жардам берүүгө шашылчу. Биз азыр жоготуп жатканыбызга жүрөгүбүзгө найзадай тийип жатат.

Минтип башталгыч класстан бери бирге окууган классташын жоготкон Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылынын окуучулары эми Алтынбектин элесин көрө алышпайт. Анын жакын достору канчалык жакшы сапатын эскергени менен орду толгус жоготуу болду. Бул күтүүсүз кырсык экенин билсе да, эмне себептен өз жанын кыйгандыгын теӊ-тушу Дастан Табалдиев мындайча айтты.

Досумду жоготуу биз үчүн катуу сокку болду.  Бир да жолу сабакты калтырбай жакшы окучу. Ѳзгөчө боорукер, ак көӊүл, жоош эле. Эмнеге мындай жолго барганын өзүбүз да түшүнө албай отурабыз. Бирөө менен урушканын эч качан көргөн эмесмин.

Каргашалуу окуя 22-январда кечки саат 7лер чамасында катталган. Маркумдун атасы билдиргендей, ошол күнү кечке маал күндөгүдөй  мал-жандыктарын сарайга киргизип,  баласы жардам берген. Акыры өлүм менен аяктап, ага үй-бүлө тараптан эч кандай конфликт болбогонун айтты. Себеби ал 3 кыздын улуусу, жалгыз уул болчу.

-Баламды шайтан сайды го деп ойлойм. Ѳзү жалгыз уул болгондуктан ата катары аны катуу деле кармачу эмесмин. Балким, сыртыман билгендер башка сөз айтып жатканыдыр, ага деле терикпейм. Анткени мага мындан артык жаман нерсе жок, суук кабар үчүн аябай кыйналып турам. Кыргыз элимен суранарым, жалган маалыматты таратпай эле койсо. Балам буга чейин эмнеге териккенин деле билген жокмун, айтпайт да болчу, намыскөй эле. Эми мындай окуя жалпы кыргыз эли үчүн менин балам акыркы жоготуу болсун.

Кан жуткан Тынчтыкбек Мамбетов муну айтып жаткан жүйөсү, уулунун сөөгү узай элек жатып, коомчулук арасында ар кандай кептер айтылып баштаган. Бири милиция кызматкерлери маркумдун ата-энесинен акча талап кылган десе, экинчиси, ата-энеси таарынткан, үчүнчүсү, мектеп окуучулар арасында үстөмдүк болуп, бала өз жанын кыйды деген кептер айтылган.  Анткен менен, бул сыяктуу пикирлер чындыкка дал келбестигин А. Истанбеков атындагы мектептин мүдүрү Рысбек Исраилов айтып, буларга токтолду.

Мектептеги окуучулар арасында эч кандай согуш болгон эмес. Айрым ММК өкүлдөрү кайдагы кепти таратып жатат, түшүнгөн жокмун. Мурдатан баштап эле балдардын өмүрүнө кол салуу фактысына бөгөт коюу үчүн бир нече жолу түшүндүрүү иштери жүргөн. Акыркы жолу лекция окулганда дал ушул 9-класстын балдары анын ичинде маркум да катышкан. Алтынбек өмүрүнө кол салат деп деги эле күткөн эмеспиз.

Бул фактысы боюнча Ысык-Көл ИИБ менен Ак-Суу райондук ИИБи тарабынан тергөө ыкчам тобу түзүлүп, себептерин аныкташууда. Азыркы тапта ички иликтөө жүрүп жаткандыгын облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов маалымдады.

Бала өз өмүрүнө кол салууга баргандыгы боюнча жагдай милиция кызматкердери тарабынан изилденип жатат. Ошол эле учурда милиция ата-энесинен 7 миӊ сом талап кылды деген маалымат чыккан. Бул боюнча кызматтык иликтөө боюнча териштирүү жүрүүдө. Андан сырткары бала эмне себептен каза болду деген жүйө менен мектеп жаматынан жана жакындарынан түшүнүк алынып баштады. Азырынча так далилдене элек.

Айта кетсек, мектеп окуучулардын катыштыгы бар суидцид фактысы Ак-Суу районунда мындан 3 жыл мурун катталган.

Copyright © 2017 Maral FM