Биз менен байланышыңыз

Китеп окууга шыктандырган 6 ыкма

Блог | 25 Янв 2019 | 3825 | 1

Мен, “Секом” билим берүү мекемесинин бат окууну өздөштүрүү боюнча тренери Айнура Анарбаева, сизди китеп окууга шыктандырган 6 ыкма менен бөлүшөм.

Бир жылдык китеп тизмесин түзүңүз

Адам өзүн XXI кылымга жараша өнүктүрүүнү кааласа кыска убакытта көп маалымат алууга тийиш. Ар бир окурманга айтарым, эгер китеп окууга өзүңүздү кызыктыра албай жатсаңыз, анда бир жылда окуй турган китептердин тизмесин түзүп алыңыз. Алсак, ай сайын бирден китеп окусаңыз, жылына 12 китеп бүтүрөсүз. Окуган китепти тизмеден өчүргөн соң сизде мотивация пайда болот. Башкача айтканда, бир максатка жеттим деп эсептеңиз.

Өзүңүз кызыккан китептерди тандаңыз

Учурда бизнес, медицина жана башка багыттарда көп китептер сунушталат. Бирок алардын баары сизди кызыктырбай калышы мүмкүн. Андыктан алгач өзүңүз кызыккан китептерди окуп баштаңыз.

Сизге жаккан гаджетти колдонуңуз

Сизге букридерден китепти окуу ыңгайлуубу же телефондонбу? Балким китептен окуганда же аудио китептерди укканда дагы да жакшы түшүнөсүз. Аныктап алыңыз. Айрымдар гаджет зыяндуу, андыктан китептен гана окуу зарыл деп эсептейт. Ооба, бирок такыр китеп окубай койгонго караганда гаджет аркылуу болсо дагы маалымат алуу пайдалуу.

Китептен сизге жаккан цитаталарды боёп же бир жерге чиймелеп коюңуз

Китепте көңүлүңгө жаккан сөздөрдү жазып алуу адамга чоң мотивация берет. Мисалы, белгилүү бир убакыт өткөн соң мурда жазып алган цитаталарыңызды эстеп ырахат аласыз.

Алган маалыматтарды ар дайым башкалар менен бөлүшүп туруңуз

Досторуңуз менен жолугуп калганда китептеги маалыматтар менен бөлүшүңүз. Анткени алган билимди башкалар менен бөлүшүү дүйнө таанымыңыздын кеңейишине жол ачат. Мындан сырткары эс тутумду жакшыртып, адамдар менен бат тил табышууга шарт түзөт.

Китеп окуу үчүн туура убакыт жана ыңгайлуу жер тандап алыңыз

Башка мамлекеттерде коомдук транспорттордо дагы китеп окушат. Кээде менден дагы: “Сиз дагы автобуста китеп окуйсузбу?” — деп сурап калышат. Айтарым, адам өзүнө ыңгайлуу убакытты жана жерди тандап алышы керек. Эртең менен жумушка же окууга барганда 10-20 мүнөт китеп окуу эң туура убакыт болуп эсептелет. 20 мүнөттүк китеп окуу бир күндүк энергия, мотивация бере алат. Мындан сырткары уктаарда дагы китеп окуу пайдалуу. Ошентип жок дегенде күнүнө 20-30 мүнөт китеп окусаңыз болот. Муну адатка айлантыңыз. Анткени аз болсо да  туруктуу окуганыңыз жакшы.

Айнура Анарбаева

1 пикир

1 пикир

  1. Дилбара

    26.01.2019 16:40

    Керемет кенештер экен,Айнура эже!
    Сизди өтө баалайм! Асыл адамсыз)
    Ишиңизди ийгиликтер коштосун!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM