Биз менен байланышыңыз

Жаңы мыйзамдардагы кемчиликтерди жоюуга мартка чейин убакыт берилди

Кыска кабар | 23 Янв 2019 | 468 | 0

Парламенттин бүгүн, 23-январдагы жыйынында жаңыдан күчүнө кирген кодекстер менен мыйзамдардын аткарылышын камсыздоого даярдыктар талкууланды. Анда Евробиримдик тарабынан бөлүнгөн 13 млн 600 миӊ евро жумушчу топтун, алардын консультанттарынын айлыктарына, семинарларга, «тегерек столдорго» жумшалгандыгы айтылды.

Эл өкүлдөрү жаңы мыйзамдар жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка жарыялоого 3 млн евро жумшалганы менен жеткиликтүү маалымат жоктугун, каражаттардын жумшалышына көзөмөл болбогондугун белгилешти.

Ошондой эле Бузуулар жөнүндөгү кодекске киргизилген айыппулдардын көтөрүлүшү эч кандай логикага сыйбай тургандыгын айтышты.

Депутат Курманкул Зулушев кодекстерди жана мыйзамдарды даярдоого жумшалган каражаттын жумшалышын иликтөөнү сунуштады.

Талкуу жыйынтыгында Өкмөткө Жогорку Сот, Башкы прокуратура менен жумушчу топ түзүп жаӊы күчүнө кирген кодекстер менен мыйзамдарга анализ жүргүзүп, андагы кемчиликтерди жоюп, мыйзам долбоорлорун тез аранын ичинде алып келүү тапшырылды.

Ага депутаттар тарабынан айтылган сунуштар да камтылмакчы. Токтомду аткаруу мөөнөтү 2019-жылдын 1-мартына чейин белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM