Биз менен байланышыңыз

Чет тилдерин тез үйрөнүүнүн жол-жобосу

Блог | 23 Янв 2019 | 1392 | 0

Сиз: «Чет тилдерин эч кандай кымбат тилдик курстарга барбай эле кантип үйрөнүүгө болот?» — деген суроонун үстүндө ойлондуңуз беле? Бул үчүн эч кандай жашыруун сыр же атайын ойлонулган система жок. Сиз жөн гана алдыңызга багыт коюп, катачылык кетирүүдөн коркпошуңуз кажет. Алдыда чет тилдерин үйрөнүү процессин кантип тездетүү керектигин айтып бермекчибиз.

Ошол сиз үйрөнүп жаткан тилде сүйлөгөндөр менен таанышыңыз

Жаңы тилди үйрөнүүнүн эң жөнөкөй ыкмасы — бул аны менен сүйлөшүү. Көпчүлүк адамдар өзүнүн билгендерин практика жүзүндө ишке ашыруунун ордуна өз убактысын грамматиканы үйрөнүүгө жана көптөгөн сөздөрдү жаттоого коротушат. Сиз үйрөнүп жаткан тилди алып жүрүүчүлөр менен сүйлөшө баштаңыз, бул сизге компьютер жана китептен караганда көбүрөөк жыйынтык алып келет. Мүмкүн сиз ошол тилди билген дос таап каласыз.

Тилди күнүнө үйрөнүңүз

Көп учурларда адамдар «беш жылдан бери үйрөнүп келе жатам,  эркин сүйлөй албай койдум» деп даттанышат. Бирок алар беш жыл дегени менен, тил үйрөнүүгө жумасына эки сааттан гана убакыт коротушат. Эгерде тез жана натыйжалуу жыйынтыкка келем десеңиз, анда жумасына эмес, күнүнө эки сааттан убакыт бөлүңүз. Чет тилдерин окуп-үйрөнүү кайталоого негизделген, ошондуктан эс тутумуңузда көпкө чейин сакталып калуусу үчүн кайра-кайра кайталап туруңуз. Эгерде машыгуулардын ортосунда көп тыныгуулар болуп калса, убактыңызды коротуп кайрадан эле мурдагы окугандарыңызга кайрылууга туура келет. Чынында эле чет тилин бат үйрөнүүнү кааласаңыз, күн сайын окууну унутпаңыз.

Колуңузда дайыма сөздүк болушу шарт

Сиз кайда гана жүрбөңүз, жаныңызда сөздүк болуш керек. Ал сизге кайсы бир сөздү билбей калган учурда жардамга келет, ошондуктан каражатыңызды аябастан ыңгайлуу жана жакшы сөздүк алып алыңыз. Мүмкүн аны телефонуңузга көчүрүп алуу сиз үчүн ыңгайлуу болоттур. Сөздүктүн жаныңызда болушунун дагы бир себеби, эгерде бир аз бош убактыңыз болуп калса же кезекте турсаңыз, аны ачып туш келген сөздү эле жаттай берсеңиз болот.

Грамматика үчүн көп кайгыра бербеңиз

Көпчүлүк чет тилин мектептен бери окуп келсе да жакшы сүйлөй албайт. Анткени мектептин программасында грамматикага жана эрежелерге басым жасалат да, сүйлөө жана жазуу речине көп көңүл бурулбайт. Ошондуктан эң биринчи учурда сөздөрдү жаттоо аркылуу сүйлөө речин өнүктүрүү зарыл, ал эми грамматикага кийинчерээк токтолсо болот.

Катачылык кетирүүдөн коркпоңуз

Тил үйрөнүүдө кээ бирөө ката кетирип, туура эмес сүйлөп аламбы деп коркушат. Бул сапаттын эч кандай жардамы тийбейт. Мүмкүн жаңы тилде сүйлөөдө сиз кетирген каталар ыңгайсыз абалга алып келет, бирок аны чоң катачылык деп айтууга болобу? Тилди алып жүрүүчүлөр сизден дал ошол каталарды күтүшөт, анткени канчалык деңгээлде тил үйрөнгүңүз келерин ошол нерсе аркылуу байкашат.

Мындан тышкары, кайсы тилди үйрөнүп жатсаңыз, ошол тилдеги тасмаларды көрүңүз, музыка угуңуз, китеп окуңуз жана жазыңыз. Сиз окуп жаткан тилде сүйлөгөн мамлекеттерге барыңыз. Сөздүк коруңузду толтуруу үчүн жаңы сөздөрдү жаттап туруңуз. Алгач күнүмдүк турмушта эң керектүү делген 100 сөз жаттаңыз, андан кийин дагы ошончо сөз жаттаңыз. Жыйынтыгы сиз күткөндөй болот.

Тиркемелер

Азыркы учурда ыңгайлуу жана эффективдүү болуп электрондук китептер, сөздүктөр эсептелет. Себеби тил үйрөтүүчү ар түрдүү тиркемелерди телефонуңузга көчүрүп алсаңыз, аны кандай учур болбосун бош убактыңызда ачып колдоно бересиз. Мисалы, төмөндөгүдөй тиркемелерди пайдалансаңыз болот: Anki, Duolingo, Memrise, Babbel, Livemocha жана башкалар.

Copyright © 2017 Maral FM