Биз менен байланышыңыз

Футболчуларды тосуп алуу аземи «Ала-Тоо» аянтында өтөт

Кыска кабар , Спорт | 23 Янв 2019 | 761 | 0

Бириккен Араб Эмираттарынан кайткан футбол боюнча кыргыз улуттук курама командасын тосуп алуу аземи «Ала-Тоо» аянтында өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Буга чейин футболчуларды тосуп алуу үчүн 24-январда «Манас» аэропортуна баруу пландаштырылган.

Жолугушуу саат 15:00дө башталып, чоң программада концерт уюштурулат.

Белгилей кетсек, Азия биринчилигине Кыргызстандын улуттук курама командасы биринчи жолу катышып, плей-офф баскычына чейин чыкты. Алар 1/8 финалда Бириккен Арап эмираттарынын курамасына жеңилип калды. Бирок ошентсе да мыкты оюн көрсөтүшкөнүн кыргыз коомчулугу, дүйнөлүк коомчулук да белгилөөдө.

Copyright © 2017 Maral FM