Биз менен байланышыңыз

«Тонировка»: Инспекторлор токтотуп, жолчулар айып салууда

Күн чабыт | 22 Янв 2019 | 1460 | 0

Бүгүн, 22-январда айнегин караңгылатып алган унааларга каршы рейд жүргүзүлүп, 94 протокол түзүлдү. Аны Транспорт жана жолдор министри Ички иштер министрлиги менен биргеликте өткөрдү.

Белгилей кетсек, жаңы кирген “Бузуулар жөнүндө” кодекстерде айнегин караңгылаткан унааларга Транспорт жана жолдор министрлиги чара көрөрү айтылган. Ага чейин бул ишти Ички иштер министрлиги аткарып келген. Бирок аталган ведомство аны кайра ИИМге өткөрүү боюнча сунушун берген.

Бул тема алкагында, Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Автомобилдик, суу транспорту жана тараза габариттик-контролдоо агенттигинин директору Анарбек БекмуратовКүн чабыт” программасына маек курду.

Марал: Унааларынын терезесин караңгылаткандарга чара көрүү буга чейин ИИМде болсо, жаңы кодекстерге ылайык, 2019-жылдын 1-январынан тарта Транспорт жана жолдор министрлигине өткөрүлгөн. Эмне себептен, бул негизи туура болдубу?

Анарбек Бекмуратов: 2016-жылы Парламенттин тармактык комитетинде унаалардын терезесин караңгылаткандарга чара көрүү маселеси боюнча комитет түзүлүп иштеген. Ошонун негизинде бул маселени Ички иштер министрлиги караган. 2019-жылдын 1-январынан тарта “тонировка” жасаткандарга көзөмөл кылуу бизге (Транспорт жана жолдор министрлигине) өттү. Биз 22-январда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы менен биргеликте рейд жүргүздүк. Өлкө боюнча текшерүү жүргүзүп, инспекторлор токтотуп берип жатат, биз айып салып жатабыз. Түшкө чейин 282 миң сомдук айып салынды.

Бул каражат бирдиктүү реестр аркылуу түз эле бюджетке түшөт.

Марал: Негизи бул милдетти Транспорт жана жолдор минитсрлигине өткөрүү туура болдубу? Анткени сиздер кантип аныктайсыздар мыйзам бузгандарды?

Анарбек Бекмуратов: Менин оюмча, бул жагдайга ИИМ көзөмөл кылганы жакшы. Себеби аларда унааларды токтотконго ыйгарым укук бар. Эми ушул бойдон калса келечекте инспекторлор менен биргеликте деле иш жүргүзө беребиз.

Марал: Социалдык тармактарда тонировка жасатып алгандардын саны көбөйгөнү айтылып жатат, рейд учурунда бул байкалдыбы? Өлкө боюнча терезелери караңгылатылып жүргөн унаалардын саны боюнча маалымат барбы?

Анарбек Бекмуратов: Транспорт жана жолдор министрлиги унаалардын терезелерин караңгылатып алгандарга эми жаңыдан чара көрүп баштады. “Тонировка” менен жүргөндөр боюнча сан жок. Бирок 22-январда түшкө чейин эле 94 протокол түзүлдү. Эми мындан ары да иш алып барабыз.

Болгону социалдык тармактарда чара көрүү Жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынан Транспорт министрлигине өтүптүр деген маалымат тарап, ошондон улам жасата башташты окшойт. Бирок азыр кайра айып салып жатыптыр, алгыла деп бири-бирине эскертип жатышат.

Марал: Негизи унаалардын терезесин караңгылатуунун нормасы анан жасазы кандай?

Норма боюнча алдыңкы жана эки капталындагы терезелер караңгылатылбашы керек. Эки арткы капталындагы жана арттагы терезени караңгылатууга уруксат берилет. Тыюу салынган айнекти караңгылаткандарга жеке жактар үчүн 3 мин сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынат.

Copyright © 2017 Maral FM