Биз менен байланышыңыз

Өкмөт эски учактарын жаңылагысы келет

Экономика | 22 Янв 2019 | 802 | 0

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясынын абалы жана башка авиакомпанияларга жеңилдиктерди түзүү тууралуу маселе каралды.

“Эйр Кыргызстан” мамлекеттик жалгыз авиа компаниясы болуп эсептелет. Буга чейин аталган компанияны сатуу сунуш көтөрүлгөн. Жакында өкмөт бул авиа компанияны эки учак менен камсыздоону көздөөдө. Бул тууралуу комитеттин отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын маалыматында, өкмөт ички каттамдарды аткаруу үчүн 2 учак сатып алат. Учактын үлгүсү жана суммасы азырынча такталууда. Ички каттамадарды өнүктүрүү үчүн бир канча аба майданды калыбына келтирүү керек.

-Ички рейстерди атайылап каттатпай коюу же рейстерди азайтуу максаты жок. 18-январь күнү 8 рейс учкан жок. Эртеси күнү тиешелүү жабдыгы алмаштырылган соң учак рейске чыккан. Учурда аэропорттордун абалын карап жатабыз. Азыркы күндө 3 аэропорттун абалы өтө начар. Ал Каракол, Талас жана Кызыл-Кыядагы аэропорттор, аларды кайра оңдоого болбойт. Ошондой эле ички каттам менен каттай турчу эки чакан учак сатып алууга аракеттерди көрүп жатабыз. 2018-жылы сүйлөшүүлөр болгон. Ушул жылдын февраль айында 1-2 компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуп, сүйлөшүү жүргүзөбүз. Бүгүнкү авиациянын абалы — бул 12 жылдык иштин жыйынтыгы. Азыркы тапта күчөтүлгөн тартипте иш алып баруудабыз. Эки ай аралыгында бир чечимге келебиз.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик авиакомпания көптөн бери банкротко учуроо алдында турат. Жамаат кызмат акысы сакталбаган өргүүгө кеткен.

Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондусунун төрагасы Ренат Түлөбердиев аталган авиакомпаниядагы кырдаалга токтолуп, заманбап учактардын жоктугуна байланыштуу абал оор бойдон калып жаткандыгын баса белгиледи.

Анын айтымына караганда, «Эйр Кыргыстандын» болгону 4 транспорттук каражаты бар. Экөө колдонулбай автотоктотмодо турат.

-Алардын бири бир учактын кыймылдаткычы оӊдоп-түзөөнү талап кылып, 2017-жылдын ноябрынан бери автотоктотмодо турат. Ал эми экинчи учак болсо лизинг төлөмдөрүнө төлөөгө каражат жоктугуна байланыштуу ижарага берилген. Ижарадан түшкөн каражаттын баары лизинг төлөмдөрүнө жумшалат.

Мындан сырткары, Түлөбердиев аба учактары паркын жаӊылоого каражат жоктугу башкы көйгөй болуп жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле май менен камсыздагандарга карыздар бар экенин маалымдады. 2018-жылдын 9 айында кредиттик карыздар 323 млн сомду түзсө, дивиденддер боюнча карыз 4 млн 400 сом болгон.

Өкмөт жалпысынан ички каттамдарды жөнгө салып, оңдоо иштерине 1 млн доллар талап кылынарын айтты.

Депутат Улукбек Ормонов көрсөтүлгөн каражатты табуунун татаалдыгына кызыкты. Ал 18-январда Бишкек-Ош-Бишкек каттамы менен уча турган  каттамдар токтотулганын айтып сындады.

-Өткөн жумада бир ай мурун билет сатып алган миңдеген кишилер убагында уча албай көчөдө калышты. Ички каттам менен каттаган авиакаттамдарды иретке келтирүү керек. «Эйр Манас» кааласа учат, каалабаса учпай калат. Иштебей калса эл көчөдө калып калууда. Атайын иш-сапарга бара турган министрлер уча албай калды, жөнөкөй адамдарды айтпай эле коёюн. Үч миң сомго билет алгандар аэропорттон такси жалдап кетүүгө аргасыз болду. Буга бирөө жооп бериши керек. Бузулду, оңдош керек деген жооп айтып жатасыңар. Эмне оңдоо иштерине 1 миллион доллар таба албай калдыкпы?

Жакында эле «Ачык асман» саясаты кабыл алынган. Ал 25-январда ишке кирүү алдында турат. Анын негизинде жарандык авиация өнүгүп, аба аркылуу жүргүнчү жана жүк ташууну көбөйтүлүп, кыргызстандыктар жана чет өлкөлүк туристтер үчүн эл аралык аба каттамдары менен билеттерди жеткиликтүү болоору айтылган.

«Kyrgyz Concept» компаниясынын президенти Эмил Үмөталиев «Ачык асман» саясатынын арты менен ички каттамдарды өнүктүрүүгө мүмкнчүлүктөр бар деди.

-Мунун арты менен аэропорттогу коррупцияны жоюп,аларды өнгүүгө кызыктар кылат. Келип-кетип жүргөн учактардын аэропортунуна атаандашышы керек.

Жарандык авиациянын маалыматына ылайык, Кыргызстанда жалпысынан 32 учак каттоодон өткөн. Бирок алардын он беши гана жарактуу. Арасында тогуз учак менен “Авиа Траффик”, “Тез жет” жана “Эйр Манас” эл ташыса, бирөө президентке кызмат кылат. Ал эми калганы жүргүнчү ташыбаган атайын иштер үчүн колдонулат.

Copyright © 2017 Maral FM