Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Парламент төрагасынын тажрыйбасы жетишпей жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Янв 2019 | 873 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев “Марал” радиосуна берген маегинде Дастан Жумабековдун Жогорку Кеңештин төрагалыгына тажрыйбасы жетпей жатканын билдирди.

Анын айтымында, төрага окуяларга ыкчам түрдө реакция кылууга аракет жасашы керек.

«Жогорку кызматка келген адамдарды тарбыялаш керек. Адам катары Дастан Жумабеков эң жакшы. Төрага парламентке тиешелүү болгон процесстерде тез реакция кылганга аракет жасашы керек. Экинчиден, төрага жаңы идеялардын локомотиви болушу зарыл. Анткени парламент — талкуу жүргүзө турган орган. Мени төрагалык кызматка көз артып жатат деген ойдо болбошу керек. Мен керектүү жерде Дастан Жумабековду ар дайым колдоп келе жатам. Ал дагы мекенчил жигиттердин бири», — дейт Төрөбаев.

 

Copyright © 2017 Maral FM