Биз менен байланышыңыз

Крестинин: Эми мындан да жакшы ойнойбуз

Кыска кабар , Спорт | 22 Янв 2019 | 1175 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин Бириккен Араб Эмирлиги менен болгон беттештен кийин маалымат берди. Анда ал колдоо көрсөткөнү үчүн кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди.

-Биз жакшы иш жасадык. Тилекке каршы, биз бул мелдештен четтедик. Калыстын ишин сындагым келбейт. Бизде гол киргизе турган мүмкүнчүлүктөр болду. Албетте, биз буга өкүнүп жатабыз. Атаандашка караганда көп адаштык. Бирок бир нерсени билем – биз туура жолдобуз. Алдыны көздөй жылабыз, — деп кайрылган башкы машыктыруучу.

Ал Кыргызстан үчүн мелдеш жыйынтыкталганына өкүнүчүн билдирип, ак шумкарлар мындан көбүнө татыктуу болгонун айткан.

-Муну баарыбыз көрдүк. Биз жогорку деңгээлде тажырыйба топтой алдык жана бул биздин мындай кийинки өнүгүүбүзгө жардам берет. Мындай мелдешке биринчи жолу катыштык, бирок акыркысы эмес. Алдыда мындан да жакшы ойнойбуз, — деди ал.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан Азия кубогунун плей-офф баскычынын 1/8 финалында Бириккен Араб Эмирлиги менен беттешип, 3:2 эсебинде жеңилип калды. Бул мелдешке алгачкы жолу катышкан ак шумкарлар тайпалык баскычта Кытай менен Түштүк Кореяга жеңилип, Филиппинди уткан.

Copyright © 2017 Maral FM