Биз менен байланышыңыз

Акшумкарлардын атаандашы БАЭ жөнүндө 9 факт

Кыска кабар | 21 Янв 2019 | 1033 | 0

-Эң биринчи оюнун 1972-жылы Катар курамасына каршы өткөрүп 1:0 эсеби менен жеңишке жеткен.

-1980-жылы биринчи жолу Азия Кубогунун финалдык баскычына катышкан.

-1996-жылы Азия биринчилигинде вице-чемпион болгон.

-1990-жылы алгакы ирээт дүйнө биринчилигинин финалдык этабына катышкан.

-ФИФАнын 2018-жылдын декабрь айындагы рейтингинде 79-орунда.

-2015-жылы Австралияда өткөн Азия биринчилигинде 3-орунду ээлеген.

-БАЭнин курама командасын бүгүнку күндө италиянын эң мыкты делген “Ювентус”, “Милан”, “Интер” клубдарына башкы машыктыруучулук кылган Альберто Дзаккерони жетектейт.

-Оюнчуларынын бардыгы жергиликтуу клубдардын футболчулары.

-Тайпалык оюнда Индияны 2:0 менен утуп, Таиланд, Бахрейн курамалары менен тең ойноп, 5 упай менен биринчи болуп чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM