Биз менен байланышыңыз

«Карызга акча алып, ак шумкарларды колдоого келдим»

Кыска кабар , Спорт | 21 Янв 2019 | 2035 | 0

Бүгүн, 21-январда Кыргыз улуттук курама командасы Азия кубогунун жарым чейрек финалында Бириккен Араб Эмираттарынын курамасы менен беттешет. Бул беттеште ак шумкарларга Абу-Дабидеги стадиондон колдоо көрсөтүү үчүн барган Эсенур Алмазбеков менен маек курдук.

-Эсеныр, дүйнөнү бир катар стадиондорун авто-стоп (айдоочунун макулдугу менен, багыты бир болсо, каалаган жерине бекер жетип алуу) менен кыдырып граундхоппинг менен алектенет экенсиз. Өзүңүз жана саякатыңыз жөнүндө кенен айтып берсеңиз?

Буга чейин “Дордой” футболдук клубунда күйөрмандар менен менен иштөөчү менеджер болуп иштегем. Футбол менен бирге саякаттаганды жакшы көрөм. Мен алектенген нерсе “Граундхоппинг” деп аталат.  Бул деген – дүйнөнүн болушунча көп стадионуна баруу. Мен өзүм авто-стоп менен саякаттаганга аракет кылам, бул өтө үнөмдүү. Бүгүнкү күнгө чейин Казакстан, Орусия, Грузия, Азербайжан, Түркия, Литва, Португалия, Испания, Италия жана Бириккен Араб Эмираттарынын 33-стадионуна барып, жергиликтүү клубдардын оюндарына катыштым.

-Кыргыз курамасынын чет өлкөдөгү кайсы оюндарына катышып келгенсиз?

-Эң биринчи жолу Тажикстан менен болгон оюнга авто-стоп менен баргам. 3 күндө жеткем. Ал жактан 1:0 эсеби менен утуп келгенбиз.

-Бириккен Араб Эмираттарына кантип барып калдыңыз, бул жолу да авто-стоп менен бардыңызбы?

Азия кубогуна келгеним да аябай кызыктуу. Ак шумкарлар Кытай менен ойногондо менин бул жакка келерим чечиле элек болчу. Азырынча иштеген жумушум жок болгондуктан, барганга акчам да жок. Анан инстаграм баракчасынан узартуу мөөнөтү менен төлөөгө тур бар экен. Алардан билет менен эле виза алса болорун тактадым. Ошонун эртеси эле атамдан сурандым, «сиздин атыңызга алалы, өзүм төлөйм» деп. Ата-энем акча коротосуң деп алгач макул болгон жок. Түштүк Корея менен Кыргызстан оюнуна 3-күн калганда барарым чечилди. Апам сарсанаа болуп 100 доллар берди, колумда билет, виза 11-январь эрте менен учуп кеткем. Кайда барарым, кайда жатарым белгисиз.

-Ал жакта кайсы жерде баш калкалап жүрөсүз?

Биринчи келген күнүм досум жашаган мейманканага жашынып кирип түнөп, ал берген тамакты жеп өткөн. Анын эртеси футболго келген дагы бир байке менен танышып, ал жашаган мейманканада 5 күн жашынып жашадым. Кыргызстан-Филиппин оюнунан кийин 18-январда үйгө кайтышым керек эле. Бирок бул жактагы башка кыргызстандык күйөрмандар “сен барабан менен жакшы коштойт экенсин” деп алып калышты. Анан мен жөнүндө уккан байкелердин бири мага кетпесин деп, 23-январга билет алып берди. Ошентип калып калдым.

-Өзүңүз кайсы клубдун күйөрманысыз?

-“Дордой” футболдук клубуна күйөрмандык кылам. 2014-жылы биринчи жолу фан-клуб ачып эң активдүү балдарды чогултканбыз. Дүйнөлүк клубдардан “Реал Мадридди” колдойм. Ушул клубдун күйөрмандарын көрүп кызыгып, күйөрмандык оорум ушундан калган.

 

-Кыргызстандын Азия кубогундагы оюндарына кандай баа бересиз?

-Биринчи оюнга айтып өткөнүмдөй катыша албай калдым. Түштүк Корея менен болгон оюн абдан кызыктуу жана мыкты болду. Ошол эле учурда бизге пенальтилерди бербей коюшту. Бирок мындай күчтүү команда менен, мындай жогорку деңгээлдеги оюн үчүн ак шумкарларды азамат деп айта алам! Кутманды белгилеп айткым келет. Биринчи оюну болгонуна карабай, жогорку деңгээлдеги оюн көрсөттү. Ал эми Филиппин менен болгон оюн тарыхка кирди. Биздин оюнчулар Филиппин менен биринчи же экинчи оюнда ойносо деле утмак. Алардан биздикилер кыйла күчтүүрөөк. Курама бул оюнда да болгон күчүн жумшап мыктылыгын көрсөттү.

-Алдыдагы оюн жөнүндө эмне айта аласыз? Ак шумкарларда жеңүү мүмкүнчүлүгү канчалык?

Буйруса утабыз, биздин балдардын күчү жетет, оюнда биздикилер мыкты. Бир гана сарсанаа боло турган нерсе бул – күйөрмандар. Кожоюн өлкө болгондуктан, атаандаштардын колдоосу күчтүү болот. Эл аябай көп болот. Бирок биз да көппүз. Филиппин менен болгон оюнда миңдей киши болгонбуз. Алдыдагы оюнда мындан да көп болуп, мыкты колдоо көрсөтөбүз. Интернеттен мүмкүнчүлүгү барлардын баарын чакырып, кызыл форма менен келүүсүн суранып жатабыз. Кыргызстандан өзүбүздүн барабанды да алдырганга аракет кылуудабыз. Мыкты колдоо көрсөтөбүз жана утабыз.

Оюн алдында кураманын ар бир оюнчусун жүрөгү менен ойноого чакырам. Биринчи жолу тарыхта Азия кубогунун финалдык баскычына чыктык, бул чоң жетишкендик. Бирок биз мындан да мыкты боло алабыз. Ар бир кыргызстандыкты дуба кылып ак шумкарларды колдоого чакырам . Буйруса, утабыз! Алга Кыргызстан!

Маектешкен: Садырбек Саматов

Copyright © 2017 Maral FM