Биз менен байланышыңыз

Азия Кубогу: чейрек финалга кимдер чыкты?

Кыска кабар , Спорт | 21 Янв 2019 | 532 | 0

Азия Кубогунун 1/8 финалдары башталып, алгачкы чейрек финалчылар аныкталды.

Плей-оффтун биринчи күнү Кытай курамасы менен Таиланд командасынын беттешинде кытайлыктар 2:1 эсебинде утуп, чейрек финалга жолдомо алды.

Ушул эле күнү Вьетнам Иордания менен ойноп, 1:1 эсеби менен чыгышып, пеналтилер сериясында гана Вьетнам курамасы жеңишти камсыз кылды.

Үчунчү жуп Иран-Оман командалары болуп, ирандык футболчулар үстөмдүк кылышты. 2:0 эсебинде утуп, алар да чейрек финалдан орун алышты.

Ал эми бүгүн болсо, Кыргызстандын улуттук курама командасы «Ак шумкарлар» талаа ээлери БАЭ футболчулары менен бет келет. Алардын беттеши Бишкек убактысы боюнча 23:00дө өтөт.

Мындан сырткары, бүгүн Япония-Сауд Аравиясы жана Австралия-Өзбекстан курамалары беттешет.

Copyright © 2017 Maral FM