Биз менен байланышыңыз

Күйөрман: БАЭ курамасынын талаа ээси болгондон башка артыкчылыгы жок

Блог | 18 Янв 2019 | 1796 | 0

Ошентип Азия Кубогунун тайпалык этаптары соңуна чыгып, 1/8 финалда Кыргызстандын курама командасы талаа ээси Бириккен Араб Эмирлигинин футболчулары менен бет келмей болду. Беттеш 21-январь, Дүйшөмбү күнү Абу Дабиде өтөт. Учурда кыргыз күйөрмандарын «ак шумкарлардын»атаандашынын деңгээли, өзгөчөлүктөрү, артыкчылык жана кемчиликтери кызыктырып жаткан чагы. Буга байланыштуу биз Абу Дабиде жашап, биринчиликтин күнгөй-тескейине жеринен күбө болуп жаткан мекендешибиз Ажымурат Орозалиев менен алдыдагы беттеш тууралуу маек курдук.

Марал: Учурда кыргызстандык күйөрмандарды атаандаш БАЭ курамасынын чоо-жайы кызыктырып жатса керек. Эмне айта аласыз?

Ажымурат Орозалиев: БАЭ курамасы буга чейинки этапта дүйнөлүк рейтингде өзүнөн төмөн турган, анча күчтүү эмес командалар менен ойноп, тең чыгуу менен жыйынтыктады. Ал эми биздин курама тайпалык беттештерде өзүнөн алдаганча жогору турган тажрыйбалуу командалар менен теңата ойноп, деңгээли бирдей Филиппинге эч кандай мүмкүнчүлүк берген жок. Мындан улам, азырынча БАЭ курамасынын талаа ээси болгондон башка эч кандай артыкчылыгын көрбөдүм. 

Марал: Башка командалардын оюндарына салыштырмалуу, биздин футболчулардын артыкчылыгы эмнеде деп ойлойсуз?

Ажымурат Орозалиев: Дасыккан эксперт болбосом да, биздин кураманын машыктыруучусу Александр Крестинин ар бир беттешке ар түрдүү, анан туура стратегия менен чыкканын байкадым. Мисалы, күчтүү Түштүк Корея менен болгон беттеште биздин команда коргонуу позициясында ойноп, бул ишке жарады. Ал эми Филиппин курамасы менен беттеште чабуулга басым жасап, көп жолу аларга кооптуу жагдайларды жаратып жатышты. Ошондуктан алдыдагы беттешке дагы туура жана эффективдүү стратегия менен чыгат деп ишенем.

Марал: «Өз үйүндө дубалы да жардам берет» эмеспи. Футболчуларга колдоочулардын сүрөөнү, желбиреп жаткан желеги да дем берсе керек?

Ажымурат Орозалиев: Футболдо оюнчулардан башка күйөрмандардын ролу чоң. Бишкектеги беттештерден байкаганымча, биздин курама стадион толо эл келип, колдоп турса абдан ачылып, ээн-эркин жана ишенимдүү ойногон. Ошондуктан бул жакта да болушунча бардык беттештерге кирип, жандуу колдоону көрсөтүп турууга аракет кылуудабыз. Кыргыз элчилиги атайын автобустарды уюштуруп, бул жерден 250 чакырым алыстагы Аль-Айн шаарына чейин барып, колдоп жаттык. Эртеңки беттеште да колубуздан келишинче бул жакта иштеп, жашап жаткан кыргызстандыктарды көбүрөөк чогултуп, «ак шумкарларды» сүрөөнгө алабыз.

Ал эми БАЭ командасынын күйөрман топтоо маселеси жок, өз үйүндө болгон үчүн күйөрмандары толо болору бышык.

Марал: Чет жерде курама менен бирге өлкө намысын талашып жатасыздар. Кандай таасирлер болууда?

Ажымурат Орозалиев: Футбол-ынтымактын жарчысы экен.  Кураманы карасаңар- өлкөбүздүн күзгүсү, ар башка тектүү жарандарыбыз бар. Бирок баары кыргыз курамасы, Кыргызстандын намысы үчүн тер төгүүдө. Колдоп жаткандар да тегине,түсүнө,тилине, уруусуна жана жердигине карабай «Алга Кыргыз, алга!» деген ураандын, кызыл желектин алдына биригип, сүрөөнгө алдык. Бул эл аралык аренада намыс талашуу бизди бириктирип, ынтымагыбызды бекемдеди.

Кытай курамасы менен беттеште биздин жигиттерибизди оюндан кийин кетирбей, жеңилгенине карабай ыраазычылыгыбызды, сыймыктанарыбызды билдирип, тосуп алдык. Ал эми Филиппин командасы менен болгон оюндан кийин стадиондон чыккыбыз деле келбей калды.  Барыбыздын кубанычыбызда чек жок болду.

Ошондуктан, мындай учурда бир болуп, «ак шумкарларды» сүрөшүбүз керек. Алар биздин колдообузга муктаж, биз алардын жеңишине муктажбыз.

Марал: Чет өлкөлүк тааныштарыңыз, кесиптештериңиз кандай баалап жатышат?

Ажымурат Орозалиев: Биринчиден, Кыргыз Республикасы деген өлкөнү таанып, билишти. Алгачкы ирет катышып жатканына карабай, күтүүсүз оюндарды көрсөткөнү үчүн Эмирликтеги маалымат каражаттарында чоң жаңылык катары көңүл бурулууда. Өлкөнү жарнамалоо жагынан абдан пайда болду.

Экинчиден, биздин кураманын алдыдагы оюнда талаа ээлери менен беттешери да кызыгууларды жаратууда. БАЭ коомчулугу атаандашынын кимдигине абдан кызыгып турушат. Мурунку оюндарынан кийин олуттуу атаандаш экенин байма-бай айтышып, Кыргызстан тууралуу кызыктуу нерселерди жазып жатышат.  Уюштуруучулардын атаандашы болуп калганыбыздын өзү эле чоң жоопкерчилик, анткени талаа ээсинин тагдыры барын кызыктырат эмеспи. 

Ошондуктан биздин курамага ийгилик каалайбыз жана күйөрман катары колубуздан келген колдоону көрсөтөбүз.

Copyright © 2017 Maral FM