Биз менен байланышыңыз

Facebook Sputnik агенттигинин баракчаларын жапты

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Янв 2019 | 717 | 0

Базасы Америкада болгон Facebook  коомдук желеси андагы жүздөгөн баракчаларды жапты. Алардын ичинде эл аралык Sputnik маалымат агенттигинин да баракчалары бар. Бул тууралуу Facebookтун киберкоопсуздук бөлүмүнүн башчысы Натаниель Глейхердин расмий билдирүүсүнө таянып Риа новости жазып чыкты.

Анын билдиришинче, Орусияда чыгып, Кавказ, Прибалтика жана Орто Азия  мамлекеттеринде иш алып барган 364 баракча  жабылган. Алар көз карандысыз медианын беткабы алдында окурмандарды адашууга түртүүчү чагымчыл маалыматтарды берип турушкан. Ошондой эле НАТОго жана Америкага каршы козутуучу пикирлерди да камтыган.

Жүз миңдеген катталуучусу бар баракчалардын катарында «СаНАТОрий в Латвии», «Грузия и религия», «Сегодня в Молдавии, «Спокойной ночи, Беларусь» жана «Балтия и Россия: друзья или враги?» деген баракчалар бар.

Ал арада «Russia Today»(RT) эл аралык маалымат агенттигинин бөлүмү болгон Sputnikтин баракчаларынын жабылышы агенттиктин жетекчилигин нааразы кылууда. RTдин башкы редактору Маргарита Симонян Facebook алардын журналисттеринин жана аларга тиешелүү тараптардын баракчалары эмнеге жабылганын ачыктап берүүсүн талап кылды. Ал жабылган баракчаларда эч кандай коомдук тартипти бузган маалымат жок экенине ишендирүүдө.

Кошумчалай кетсек, аталган коомдук желе мындан сырткары жүздөн ашуун баракчаны чагымчылдык менен Орусия-Украина мамилесин курчутууга шектеп, жапканын маалымдады. Facebook акыркы эки жылда киберчабуулдарга дуушар болуп, колдонуучуларынын маалыматтык коопсуздугун сактай албаган үчүн жана жалган, чагымчыл маалыматтардын эркин тарап жатканына жол бергени үчун айыпталган. Коомдук желе орусиялык баракчаларды массалык түрдө биринчи жолу тазалоодо.

 

Copyright © 2017 Maral FM