Биз менен байланышыңыз

Ким Чен Ындын өкүлү АКШга келди

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Янв 2019 | 762 | 0

Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ындын атайын өкүлү Ким Йонг Чол Вашингтонго эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусу тууралуу алдын ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн келди. Бул тууралуу Вашингтон менне Пхенян үн ката элек. Бул тууралуу Al Jazeera жазды.

Маалыматка ылайык элчи Ким Йонг бүгүн Американын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен жолугушат. Алар Трамп менен Ким Чен Ындын жолугушуусуна даярдыкты талкуулашары күтүлүүдө.

Эки мамлекеттин президенттери мындан жети ай мурда июнь айында Сингапурда жолугушкан. Экинчи саммит жакынкы күндөргө белгиленерин АКШ лидери билдирген.

Кошумчаласак, сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы кайрадан коопсуздук болмокчу. Өзгөчө соңку жылдары эки мамлекеттин пикир келишпестиктерин жараткан Түндүк Кореянын өзөктүк-ракеталык саясаты боюнча бир чечим кабыл алынбай келет. тундүк Корея лидери алдыдагы сүйлөшүүлөр эки тараптын кагылышууларын соңуна чыгарат деп убадалоодо. Вашингтон да оң натыйжалар күтүлөрүн айтууда.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM