Биз менен байланышыңыз

Оор турмуштук шартта жашаган балдардын базасы түзүлөт

Күн чабыт | 17 Янв 2019 | 1099 | 0

Акыркы учурдагы балдардын, айрыкча мигранттардын балдары зордук-зомбулукка кабылган учурлар көп катталууда. Буга байланыштуу жер-жерлерде мигранттардын балдарынын тизмесин түзүү иштери жүрүп жатат. Ушул теманын алкагында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Назгүл Чолумова менен «Күн чабыт» программасында маектештик.

Учурда аймактарда мигранттардын балдарынын тизмесин тактоо жүрүп жатат. Тизме түзүлгөндөн кийин кандай иштер аткарылат?

-Балдарга карата зордук-зомбулукту азайтуу, колдон келсе таптакыр жоюу максатында азыр чоң иштер аткарылууда. Азыркы тапта кызматкерлер үймө-үй кыдырып мигранттардын балдарынын тизмесин түзүп жатышат. Тизме такталгандан кийин аларды баалоо болот. Эгерде мигрант баласын кайсы бир тууганына милдеттүү түрдө камкорчу дайындабай кетсе аны дайындоо каралат. Мындан башка да маселе болушу мүмкүн. Бул бизге маалымат келе баштаганда так айта алабыз.

Бул иштерди аткаруу үчүн мамлекеттен каржы бөлүнгөнбү?

-Жок, бул иштерди жасоо үчүн атайын каражат бөлүнгөн эмес. Учурда жер-жерлерде иштеп жаткан мамлекеттик органдар, социалдык кызматкерлер, айыл өкмөттөн өкүлдөр өздөрүнүн мурда алып жүргөн айлык акысына эле ушул кызматтарды аткарышат. Аларды ошол мэрлер, акимдер координациялайт.

Тизме түзүлсө ал кайда сакталат? Бирдиктүү реестр түзүлөбү? Же ошол тизме түзүлгөн боюнча калып кетпейби?

-Бирдиктүү реестр түзүү мурда эле министрликтин планында бар болчу. Бирок бир гана мигранттардын балдарынын бирдиктүү базасын түзүү эмес, оор турмуштук кырдаалда жашаган балдардын реестрин түзүү үчүн иш-чаралар каралган.

Аймактарда үймө-үй кыдыруу учурунда зордук-зомбулукка кабылып же оор кырдаалда жашаган балдар аныкталган жокпу?

-Азырынча зордук-зомбулукка кабылган балдар аныктала элек. Бирок мигранттардын басымдуу бөлүгү оор турмуштук кырдаалда жашап жаткан үчүн балдарын таштап кетүүгө аргасыз болушат эмеспи. Ошондуктан азыркы күндө оор шартта жашап жаткан балдар катталып жатат десек болот.

Чындыгында буга чейин балдардын укугун коргоо багытында көп чакырыктар болду. Эми алардын катарындагы бул иш аракеттер дагы да уланабы? Же белгилүү бир мөөнөткө чейин тактоо тапшырмасы гана берилгенби?

-Өзүңөргө белгилүү болгондой мигранттардын балдарынын зордук-зомбулукка кабылуусу байма-бай катталууда. 2018-жылдын аягында эле 7 бала зордук-зомбулуктан каза болгон. Алардын ичинен бешөө жакын туугандары тарабынан зордук-зомбулукка кабылган. Ошондуктан бул маселе маанилүү. Азыркы тапта буга байланыштуу 2019-2020-жылдарга карата план түзүлүп жатат. Эгерде азыркы база түзүлүп, ишке ашып калса, бул иштер кийинки жылдары да үзгүлтүксүз уланат деп ишенип турабыз.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM