Биз менен байланышыңыз

Дресс-код: Депутат кечирим сурады

Коом | 17 Янв 2019 | 784 | 0

16-январда Баштапкы жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Тынысов талапка ылайык келбеген кийими үчүн парламенттин жыйынынан чыгарылган. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров аны ордунан тургузуп, депутаттардын алдында уяткарган. Бул кыргыз коомчулугунун катуу нааразылыгын жаратып, социалдык желеде кыжырдангандар, депутаттардын Тынысовдон кечирим суроосун талап кылышкан. 

Жогорку Кеңештин жыйынында төраганын орун басары Мирлан Бакиров жана башка депутаттар өкмөттүн өкүлүн талаптагыдай кийинип келбегени үчүн жыйындан чыгарып койгону кыргыз коомчулугунун катуу нааразылыгын жаратты. Социалдык желеде кыжырдангандар, депутаттарды Баштапкы жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Тынысовдон кечирим суроосун талап кылышкан.

Көп өтпөй төраганын орун басары Мирлан Бакиров бул боюнча түшүндүрмө берип, Тынысовдон жана коомчулуктан кечирим сурады. Ал массалык маалымат каражаттары окуяны бурмалап бергенин, чынында ал Тынысовду чакырылгандардын тизмесинде жок болгону үчүн чыгуусун суранганын айтты.

Жогорку Кеңештин отурумунда депутаттын пикиринен улам төрагалык кылуучу катары регламентти эскерттим. Жогорку Кеңештин комитетинин чечиминде аталган чиновник чакырылгандардын катарында жок экенин айтуу менен, «сиз бара берсеңиз болот» деген оюмду билдиргем. «Кууп чыкты» дегендей бурмаланган маалыматтар чыгып кетти. Мамлекеттик кызматта, саясатчылардын арасында «улуу, кичүү» деген түшүнүк болбойт. Бирок адамдык касиет, өзүмдүн сөзүм менен ошол кишинин аброюна шек келтирип же коомчулукта терс пикирлер жаралып калган болсо кечирим сурайм. Бул кечирим суроодон адам кемип кетпейт.

16-январда парламенттин жалпы жыйынында биринчи депутат Алмазбек Токторов Талантбек Тынысовду «Жогорку Кеңешке футболка кийип келиптирсиз» деп сынга алган.

Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу гана эмес, өкүлчүлүктүү да орган болуп эсептелет. Депутаттар ал жакта өз шайлоочуларынын кызыкчылыктарын коргоп, алардын атынан сүйлөшөт. Парламентке баргандар үчүн ишкердик дресс-код милдеттүү, ал жака спорт, кыжырды келтирген жана экстраваганттуу кийимчен барууга болбойт.

Бирок депутаттардын сынына айрым кесиптештери кошула бербейт. «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Аида Исмаилова кийими үчүн жыйындан чыгарылган кызматкердин абалына көңүлү ооруганын айтты. Анын пикиринде, балким ал адамдын ар кандай иш-чарага кийим алууга мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан парламентке сырттан келген адамдардын дресс кодун кайра карап чыгуу керек.

-Мен аябай эле капаландым. Аны туура болду деп айтып жаткандар бар. Менин оюмча жакшы эмес окуя болду. Биз ал киши канча айлык алаарын билбейбиз, балким үй-бүлөсүн багып ар кандай иш-чарага кийим алууга мүмкүнчүлүгү жок болсо керек. Азыр мекеменин жетекчилери парламент жыйынынан качып ордуна кол алдындагы кызматкерлерин жиберип койгонду адат кылып алышты. Тынысов дагы ошондой болуп эле жыйынга келип калды. 

Деген менен Жогорку Кеңештин имаратында Аппарат кызматкерлери, депутаттар, журналисттер жана келген адамдар кийген кийими ылайыктуу болуш керек дегендер жок эмес. Эл өкүлү Карамат Орозова Ак үйдө жогорку деңгээлдеги жыйындар болуп жаткандан кийин башканы болбосо да өзүн сыйлап, талаптагыдай кийинүүсү керек деп эсептейт.

-Адам мамлекеттик кызматта иштегенден кийин өзүнү биринчи сыйлоосу керек. Бизде жазылбаган мыйзамдар бар. Адам бирөө менен мамилени турпаты жана сүйлөгөнүнө, кылган жумушуна жараша кылат. Ошондуктан ар бир адам өзүн урматтап, жыйындарга келгенде өзүнө жарашыктуу кийим менен келгени туура болот. Өкмөттүн өкүлүн деле түшүнүп койсо болот. Кечээ жыйынга катышпай калдым. Жетекчиси өзүнүн ордуна жиберип койгону туура болгон жок. Бирок кандай болгон күндө деле адам өзүнүн кызмат ордун да деле жарашыктуу кийинип олтурганы жакшыда.

Болуп өткөн окуя өкмөт өкүлдөрүнө этика жактан сабак болоорун вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова айтты.

-Албетте дресс-код бар. Кечээки окуя боюнча байланышканымда Тынысовду акыркы мүнөттөрдө Жогорку Кеңешке барасың деп айтыптыр. Ал киши мыкты адис. Ошол күнү кийими туура келбей калыптыр. Кызматкерлер өздөрүнүн шартына жараша кийинет. Аларды кымбат баалуу костюмдарды алгыла деп мажбурлай албайбызда. Эми болуп өткөн окуяга бизге жана талап кылгандарга этикалык сабак болсо керек.

Кыргызстан демократиялык багытты тандап алгандан кийин жарандардын Жогорку Кеңешке кирип-чыгуусу эркин болууга тийиш. Мындай пикирди депутат Руслан Казакбаев билдирип, эң негизгиси кийими таза болсун деди.

-Парламентте сырттагы биздин жарандарга белгилүү бир дресс-код болуу керек деп эсептебеймин. Башкысы таза болуу керек. Жанында документти болууга тийиш. Бирок документти жок, тартипти бузган учурлар болуп кеткен учурлар бар.

Ал эми депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңешке кирүүдөгү дресс-коддун талаптарын өзгөртүү керектигин айтып, ал жарандар менен иштешүүдө тоскоолдук жаратып жатканын белгиледи.

Жогорку Кеңешке келген жарандарга дресс-код деп УКМКнын кызматкерлери «жинсы менен келдиң, ботас менен келдиң» деп өтө көп тийишет. Кээде өзүм чыгып жарандарды киргизем. Мына 15-январда мага жана Максат Сабировго Ысык-Көлдөн көзү азиз жаран келген. Аны коштоп келген кишини джинсы кийип келгенсиң деп киргизбей коюшту. Ушундай да болобу? Жарандарды кабыл алып иштегенге ыңгайсыз болуп жатат.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов ар бир кызматкер өзүнүн ишин сыйлап, дресс-кодду сактоого милдеттүү экенин айтты.

-Ар бир жаран жоопкерчиликти билүүсү керек. Мыйзамга жазылбай калган тартиптер да бар. Мамлекеттик жумушта иштегенден кийин же башка жакта болобу кызматтын так аткаруу керек. Ошону менен бирге дресс-кодго көңүл бурган аша чапкандык болбойт.

Парламентте дресс-код маселеси биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жок. Өткөн жылы парламенттин жалпы жыйынында төрага Дастан Жумабеков Айыл чарба министрлигинин кызматкерлеринин кийинип келгенин сынга алган.

Copyright © 2017 Maral FM