Биз менен байланышыңыз

Митингге чыккандар талаптарын парламентке билдиришет

Кыска кабар | 17 Янв 2019 | 569 | 0

Бүгүн, 17-январда Бишкектин борбордук аянтында өтүп жаткан митингге 200дөн ашык киши катышты. Алар өлкөдө мыйзамсыз жүргөн кытай жарандары жана жаңыдан күчүнө кирген мыйзамдарга каршы ойлорун билдиришти.

Чогулгандарга Биринчи май районунун акими Руслан Шарапов келип, бүгүнкү митингди тынч жана таза өткөрүүгө чакырды.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин алдындагы консулдук департаментинин директору Алмаз Имангазиев өлкөдөгү кытай жарандары тууралуу расмий маалыматтарды берди.

Анын айтымында, 2018-жылы Кыргызстандагы 10 миңге жетпеген кытайга узак мөөнөттүү виза берилген. Алар көбүнчө кытай жол тармагында, өндүрүш тармагында иштегендер.

Чогулгандардан беш өкүл парламентке талаптарын жеткирүү үчүн кетишкенин кабарчыбыз маалымдады.

Эске салсак, 7-январда да 300дөй киши чогулуп, кытай жарандарына каршы нааразылыктарын билдиришкен.

Copyright © 2017 Maral FM