Биз менен байланышыңыз

Университет курган «жакыр» жубайлар

Блог | 17 Янв 2019 | 2623 | 0

Жупуну көйнөк кийген аял жана үтүктөлбөгөн, тырышы даана байкалган костюм кийген эркек Бостондо поездден түшүп калды да, Гарвард университетинин ректоруна жолугуу үчүн убактысын белгилебей эле кабылдамага кирип келишти.

Кабылдамада отурган кыз айылдыктардын Гарвардда эмне иши бар экенине таң калып, сырдуу жана жактырбагандай карады.

-Биз ректор менен жолукканы келдик, — деди жанагы эркек сыпайылык менен.

-Ал күн бою бош эмес, — деп жооп кылды катчы кыз ачууланып.

-Мейли, биз күтөбүз, – жооп берди аял.

Катчы аларды 4 сааттай күттүрдү. Ал жубайлардын сабыры түгөп, тажагандан кетет деп ойлогон. Жок, алар кетишкен жок. Алардын мындай мамилеси кыздын айласын кетирди. Ыңгайсыз болсо да, ректордун тынчын алууну эп көрдү.

-Балким, сиз бир канча мүнөт алар менен көрүшөсүз, анан кайтып кетишээр, — деди ал ректорго.

Ректор терең дем алды да, макулдугун билдирген иретте башын ийкеп койду. Маанилүү адам болгондуктан, анда ар ким менен көп убакытка маектешүүгө убактысы боло бербейт эле. Ал кабылдаманын көркүн бузуп турган жупуну кийимчен аял менен бырышкан костюм кийген эркектен жийиркенип турду.

Ректор бурулду да, сүрдүү жүз менен жубайлар тарапка кадам шилтеп, алардын жанына келди.

-Биздин Гарвардда 1-курста окуган уулубуз бар эле. Ал окуу жайды сүйчү. Бул жерде бактылуу эле. Бирок бир жыл мурда да кокусунан киши колдуу болуп каза болду. Жолдошум экөөбүз кеңешип, уулубуздун элесине арнап кампустун бир жерине эстелик курсак дегенбиз, — деди аял.

-Мадам, — деди ректор корс үнү менен.

-Биз, Гарвардда окуп, кайтыш болгон ар бир студентке эстелик коё албайбыз. Эгер ошенткенибизде бул жер университетке эмес, мазарга окшоп калмак.

-Аа жок, — деди да, дароо түшүндүрдү аял.

-Биз да эстелик орнотолу деген жокпуз. Биз Гарвард үчүн жаңы имарат куруп берели дегенбиз.

Ректор таң кала баштады. Ал кайрадан ошол жупуну көйнөк, бырыш костюм кийген жубайларга карады да:

-Имарат?! Билесиздерби, негизи имарат куруу үчүн канча каражат кетерин? Гарварддагы имараттарыбыздын ар бири 7,5 миллиондон көбүрөөк турат!

Аял бир канча көз ирмем үн чыкпай турду. Ректордун жүзүндө болсо өзүнө ыраазы болуп, машыркануу байкалды. Ошондо аялы жолдошуна кайрылып, акырын:

-Университет куруу үчун болгону ушунча акча керекпи? Анда эмнеге өз университетибизди кура албайбыз?

Жолдошу башын ийкеди.

Ректор мындай сөздөн кийин ыңгайсыз абалда калып, кызарып чыкты. Мистер жана Миссис Лиланд Стенфорд орундарынан турду да, чыгып кетишти. Алар Пало Альтого, Калифорнияга сапар алып, Гарвард кадырына жетпеген баласы үчүн эстелик иретинде жаңы илим мекени болгон – Стенфорд университетин курууга жетишти.

Учурда Стэнфорд университети АКШдагы абройлуу жеке менчик окуу жайлардын бири болуп саналат. Бир катар эл аралык рейтингдердин алдыңкы саптарынан түшпөй келет.

 

Дайыр Максыт уулу

Copyright © 2017 Maral FM